ШАНТЕЛЛ тобу "Кош жылдыз"
03:59
3,65 Мб
Жүктөлгөн: 25-09-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Сооронбай Жусуевдики
Обону:Асылбек Өзүбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(8 добуш)
Эстечи, андай чак кайда,
Экөөбүз бакта басканда.
Коңур жел жортуп таң эрте,
Кош жылдыз, кош жылдыз,
Кош жылдыз турган асманда.

Жылдыздай сүйүү сен тилеп,
Жылдыздай сүйүү мен тилеп.
Ал экөө биздин жылдыз деп,
Албадык, албадык,
Албадык беле энчилеп.

Кош жылдыз өңдүү жанашып,
Кош жылдыз өңдүү жарашып.
Эрмектеш болуп жүрө албай,
Экөөбүз, экөөбүз,
Экөөбүз кеттик адашып.

Жаз сайын булак шыңгырап,
Жашка жаш кошуп жыл-жылдап.
Көргөндө көктөн кош жылдыз,
Көзүмдүн, көзүмдүн,
Көзүмдүн жашы кылгырат.

Комментарийлер (7)

25.09.2012. 11:43
 wwwwalmaz
супер инфо рахмат
04.10.2012. 15:04
 Baihan
мен суйгон ыр
04.11.2012. 03:27
 diku.bek
кош жылдыз,бош болбо шантел
20.06.2013. 18:13
 aika2006
Рахмат,ийгилик
24.11.2013. 00:01
 slm-81-10
Урматтуу Супер инфо,Максат Сулайманкуловдун да ырларын жуктоп койгулачы,Сураныч?
25.11.2013 09:30
admin_media
slm-81-10,
Издеп жаткан ырчы биздин порталдын тизмесинде азырынча жок, балким келечекте болуп калат. Ошол себептен ырлары порталда жок болушу мүмкүн. Аракет кылабыз жүктөп коюуга.
05.04.2014. 14:57
 Kumush_94
Малика Динанын кичинесинде ырдаган т илегим атту ырын киргизип койгулачы сураныыч!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо