Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Эдил Маматов, Абаз Муратов "Сагындым айылды"
03:46
3,45 Мб
Жүктөлгөн: 02-10-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(16 добуш)
Ала-Тоо аралап, асфальт жол чубалат,
Айылга кеткен жол жүрөк кубандырат.
Мен алыс кетерде апакем айткандай,
Ааламга кеткен жол айылымдан башталат.

Кайырма:
Сагындым айылды, алмалуу багымды,
Мен ойногон көчө, мектепти сагындым.
Сагындым айылды, тоолорун сагындым,
Апаке, апаке, жытыңды сагындым,
Жытыңды сагындым.

Айылда ынтымак баарынан бек турат,
Акылсыз жүргөндү жеңелер кеп кылат.
Очоктун тамагы, ак сүттүн каймагы,
Сагынтып чакырат, чыдамым калбады.

Кайырма:

Комментарийлер (15)

04.10.2012. 08:26
 Imash
Uksa bolot..
02.12.2012. 12:22
 zema87
кантип озумо жуктойм
10.12.2012. 11:29
 er777
Блиииин вообще класс ыр экен. ким жазды бул ырды?
24.02.2013. 05:41
 MarselKGZ87
Коптон бери издеп жургом рахмат
13.05.2013. 22:06
 don_mika
аваз байке Красавчик!!!!!!!!!!!!!!!!!!Балыкчылыкда катсе дагы!!!!!!!!!!!!
06.01.2017 03:18
kg.balakai
don_mika,Аваз Озгондук го
17.07.2013. 18:16
 kyrgyzmyn-94
Ыйлагым келип кетет ушул ырды уксам:(
24.01.2014. 00:33
 askat.92
ойлонтоткоо мага жакты
01.05.2014. 21:31
 Talgat_Osh
Ыр аябай жакты! Журоктон тунок тапты, ыйлагым келип кетти((((
Апаке апаке жытынды сагындымммм!
26.01.2015. 23:35
 aibek0001
чыынддаап ыйладым угуп, сагындым айылды.
13.02.2015. 06:30
 ruslan95
ebil baike yrdyn korkun a4kan
03.11.2015. 20:21
 alaika.kg
Бул ырдын созун коптогон хит ырлардын автору Кудрет Тайчабаров жазган:)
03.02.2016. 23:30
 Asel.24.07.93
Якутияда жургондо ,ушул ыр менен жашадымго))айылымды эстеп)
20.01.2017. 22:08
 YmYtka
соонун ыр
05.09.2017. 22:21
 Asol.Aslo.
Айылым жонундо номер 1чи болот мен учун ушул ыр...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо