Дилшат Кангелдиева "Периштем"
03:27
3,16 Мб
Жүктөлгөн: 13-10-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Б.Алыбаевдики
Обону:Р.Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагынып сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.

Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.

Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан,
Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна.
Карекке конуп, үмүтүм болуп,
Жанымда турчу, периштем.

Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эстеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Түшүмө кирчи, периштем.

Комментарийлер (1)

13.10.2012. 21:58
 aybekerlan
Урматтуу super.kg редакциясы,Дилшат Кангелдиеванын аткаруусундагы ырларды жуктоп мени аябай суйунттунор.Сиздерге ыраазычылык билдирем.Интернеттен издеп бир да ырын таппай жургом.Сздерден отунуч,"Кудай кошкон кудабыз,Кары-жашпы баарыбыз,Эки жаштын куш боосун,бек болуусун каалайбыз" деген ырын созу менен бирге жуктоп койсонуздар, абдан ыраазы боломун. Рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо