Дилшат Кангелдиева "Той ыры"
03:27
3,16 Мб
Жүктөлгөн: 15-10-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Ала-Тоодон артылып,
Аппак, аппак таң атчу.
Аткан таңга окшотуп,
Биздин кызды карашчу.

Кызыл мончок-шурунун,
Түр-түрүнөн такканбыз.
Кыздын нуру болсун деп,
Кымкапка ороп бакканбыз.

Бийик көктөн түшкөн нур,
Бизге келген жол бекен?
Күтүп, күтүп отурган,
Күйөө кандай болду экен?

Күйөө мында, көрөлү,
Биздин кызга бар бекен?
Көргөн көздү сүйүнтөр,
Көрүндүгү бар бекен?

Ыйык сүйүү, жактыруу,
Не бар дейсиң башка улук?
Кыдыр колдоп эки жаш,
Болсун дейбиз бактылуу.

Кудай кошкон кудабыз,
Кары-жашпы, баарыбыз.
Эки жаштын куш боосу,
Бек болуусун каалайбыз.

Тойго келген баарыбыз,
Тамаша, ыр арнайбыз.
Эки жаштын куш боосу,
Бек болуусун каалайбыз.

Комментарийлер (3)

17.10.2012. 16:48
 aybekerlan
салам алейкум ким ушул ырдын создорун билет.ю жазып койгулачы сураныч,
кайра кайра уктум коп жерлерин угалбай жатамын.
урматтуу Супер.кг сиздерге ыразыычылык билдиремин. 1,5 жылдан бери Д.Кангелдиеванын ырларын озгочо ушул ырды интернеттен,базардагы дисктерден издеп таппай жургом.
17.10.2012 17:18
admin_MiranA
aybekerlan, ырдын сөзүн кошуп койдук.
18.10.2012. 15:46
 aybekerlan
admin_MiranA : Урматту Админ МиранА сизге чын журоктон ыраазычылыгымды билдиремин.
Суроолорго бат жооп бергениниз аябай кубандырды.Аллах да сизди кубандырсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо