Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Добр "Карындашым"
04:24
4,02 Мб
Жүктөлгөн: 22-10-2012
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Көчүрүү
  • Currently 4.79/5
(24 добуш)
Аяйым карындашым сен төрөлгөн жаңы,
Турат күндөр эсте, көкүрөктө жанып.
Сенин алдей чагың, ыйлаганың жаңы,
Сени колго алып өтө кубанганым.
Турат күндөр эсте, жүрөгүмдө бары,
Алгач кадам шилтеп, тай тайлагандарың.
Сенин алгач сөзүң, эрке кыялдарың,
Алгач өнөрлөрүн чыга баштаганы.
Жүрөгүмдө турат ошол күндөр эсте,
Өмүр өтөт тура, өтөт тура мезгил.
Убакыт келди окшойт чоңойдун сен дагы,
Түгөйүн менен кошо эрчишип кетип калдың.
Ата- энең, агаң, синдиң менен иниң,
Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин .
Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө ,
Ак жоолук салынып, жашындың көшөгөгө.

Кайырма:
Аяй карындашым акпасын көз жашың,
Бактылуу бол жарың менен кол кармашып.
Ата энен жакшы берген тарбиясын,
Жүрөгүңө сактап балдарына тапшыр.

Жарыгы бол күйгөн, жаңы конгон үйгө,
Үй бүлөңдү сүйгөн, жароокер бол бүлө.
Жарың менен кошо, сүрө турган жашооң,
Ынтымакты камтып, бакыт жүрсүн коштоп
Жарың болсун ата, а сен болчу эне
Мен дагы сүйүнүп, болоюн таеке
Дарегине жетсин айтылган ак сөздөр
Кудай үй бүлөңдү сактай жүрсүн көздөн
Кайда жүрбө дайым, болгун эсен аман
Жар, эне бол айым, жолдошуңа жаккан
Экөөңөр кармашкан, колуңар үзүлбөсүн
Ушул күндөн баштап, экөөң бир үй бүлөсүң
Ата-энең аган сиңдин менен иниң
Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин
Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө
Ак жоолук салынып жашындың көшөгөгө.

Кайырма:
Аяй карындашым акпасын көз жашың,
Бактылуу бол жарың менен кол кармашып.
Ата энен жакшы берген тарбиясын,
Жүрөгүңө сактап балдарына тапшыр.

Комментарийлер (15)

22.10.2012. 18:18
 kumarbeka
жакшы ыр экен, добр азаматсын ишине ийгилик.
22.10.2012. 19:57
 an_8891
нуккккккурррра кыргыз бала деген жерин жагатта
23.10.2012. 06:17
 Nura12
Сонун ыр экен. Кайра-кайра кайталап уккун келет.
23.10.2012. 08:07
 karona12
тушунуктуу ыр жаздырыптыр бир ырын укканмын мааниси жок болчу ушундай ыр ырдаса болот экенго.
23.10.2012. 23:12
 Roha
Ai,ai karyndashym, Akpasyn koz jashyn
Baktyluu bol jaryn menen kol karmashyp
Ata Enen jakshy,bergen tarbiyasyn,
Juroguno saktap,baldaryna tapshyr.
24.10.2012. 09:19
 joysin77
вообще жакчу эмес бул бала бул ыры нормальныйлего
25.10.2012. 04:07
 Акматов
Алга !!!
03.11.2012. 15:22
 Meri
Алга кыргыз, Кыргыз эл, Жашоо керемет, Байланыш, Спорт, Кел бийле, Шоу бизнес, Ыймандуу кыз, Тагдыр, Жаш акын, Маяк, Жапалак, Бишкек, Башаламан, Чу, Салам, Супер инфо , Сен учун, Ата эненин баркы, Мигрант / деген темаларды козгоп, эми "карындашына" учур келди.
22.11.2012. 23:27
 kyrgyz.jigit.
добр байке алга ушундай жакшы ырларды ырдай бериниз
12.12.2012. 14:42
 myktybala
Сссупееееррр песня!!!
13.12.2012. 17:14
 nurizka
Абдан сонун маанилуу ыр экен!!! Рахмат сизге Добр байке!!!
10.06.2013. 23:01
 pompowa
Sonun yr, iygilik sizge
04.10.2013. 16:15
 Ibraxim
Красавчик Братец
08.04.2016. 14:39
 kubanych92
Базара нету
02.05.2016. 00:52
 kyrgyz.jigit.temirlan
Сөз жок мыкты ыр маанилүүүүүү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо