Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Таалай Бектурганов "Эмне мынча сүйөм сени?"
03:12
4,39 Мб
Жүктөлгөн: 19-12-2012
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 3.94/5
(17 добуш)
Издей берем тааныш үйдөн,
Издей берем көчөдөн.
Карааныңды мен жоготтумбу,
Түшүмдө гүл төшөгөн.

Кайырма:
Эмне мынча сүйөм сени?
Эмне мынча сагынам?
Кучагыңда денем ысып,
Чачтарыңдан сылагам.

Оюм сенде билсең деги,
Ырым сенде сайраган.
Сендеби дейм мүрөк көлү,
Кышта суусу кайнаган.

Кайырма:

Кайдасың сен, таба аламбы?
Билесиңби сен тилекти?
Адаштырдың, бара аламбы?
Уйкум келбей түн өттү.

Кайырма:

Түшүмдөсүң, жүзүмдөсүң,
Багымдасың сен жайнаган.
Өзүмдөсүң, көзүмдөсүң,
Канымдасың сен чанбаган.

Кайырма:

Комментарийлер (12)

02.01.2013. 01:20
 Usubaly
Эмне мынча сүйөм сени?
Эмне мынча сагынам?
Кучагымда денең ысып,
Чачтарыңдан сылагам...Бул ырды укканда бирөөнү эстейм да дайыма...
27.02.2013. 02:47
 mirbekkg
Мен бул ырды укканда Гульбадам деген суйгонуму эстеп кетем..
13.09.2013. 22:19
 Elcinor
мендагы Алмаз деген жигитимди эстейм магада ырдайт эле ушунтип
15.10.2013. 01:43
 almagul_aravan
Таалайдын ырлары аябай жагат. Создору маанилуу и журокко жетет. Аны ырларын угуп ойго батам откон кундорумду эстеп,,,,
06.11.2013. 09:21
 rus9203
Аябай сонун ырдаган уккакан сайын уккун келет,козу тиру болгондо дагы сонун ырлары жарык кормок
31.07.2014. 01:11
 aigerim98
супер инфо, Орозбек Сапаровдун ырларын да жуктоп койосуздарбы
31.07.2014 09:13
admin_superstan
aigerim98, Саламатсызбы!
Тилекке каршы, азырынча ал ырчы биздин тизмеде жок. Тизмеге кошулса, жүктөп турабыз.
26.04.2016. 03:06
 nukurajigit
Эмнеге мынча сагынам :'(
03.10.2016. 12:34
 oksana77
Суйуу оту жанбай калды балким анда жок кунообуз .деген ырдыда Бектурганов ырдайт беле? ББолсо жуктоп коюнузчу сураныч.
21.03.2020 13:08
turaliev
oksana77, Болот Токобаев - Коштошуу деген ыр
06.12.2016. 16:30
 Abdullatif
Админ, эмнеге кочуро албай жатам, такыр эле болбой жатат. Мурда кочуруп эле журчумун.
29.03.2017. 12:07
 Lakyas
..козумон жашым агат, куйулат деген ырын кайдан тапсам болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо