Рыспай Абдыкадыров "Кылчактап неге карадың?"
03:19
7,58 Мб
Жүктөлгөн: 22-12-2012
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 3.80/5
(5 добуш)
Жактырган жоксуң бир бассам,
Жан кыйнап жүргөн сырды ачсам.
Акырын артка чегиндим да,
Жолуңа тоскоол кылбастан.

Жандырып мени жамалың,
Акмалай илкип барамын.
Алыстай түшкөн кезиңде,
Кылчактап неге карадың.

Чачыңды сууга тарадың,
Тунугун суунун санадың.
Кыпкызыл гүлдү булгалап,
Кылчактап неге карадың.

Үзүлүп такыр карааның,
Билбеймин нени самадым.
Үйүңө жетип алсаң да,
Кылчактап артың карадың.

Чачыңды сууга тарагын,
Жүрөктүн дартын аягын.
Жолотпой койсоң мейличи да,
Кылчактап кээде карагын.

Комментарийлер (2)

25.04.2014. 18:09
 kalbek87
урматту спер инфо рыспайдын "гудор узбой кутомун" деген ырын да жуктоп койгулачы сураныч
25.04.2014 18:50
admin_superstan
kalbek87, Саламатсызбы!
Жүктөп койгонго аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо