Алтымыш Кадыров "Сүрөлү өмүр узакка"
02:14
0,64 Мб
Жүктөлгөн: 25-12-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:Д.Туралиевдики
Обону:А.Кадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Жашоонун сенсиң кызыгы,
Гүлүмдүн сенсиң кызыгы.
Эч качан бойдон тарабайт,
Сүйүүмдүн сенсиң ысыгы.

Эскерип жүрсөң кубатым,
Сен менен жүрсөм кубанчым.
Сүрөлү өмүр узакка да,
Сүйүүнүн көрүп ызаатын.

Сен менин жашоо-таалайым,
Сен менин болдуң маанайым.
Саламат болуп көп жаша,
Садага кетип калайын.

Дем берсин сага Кудайым,
Бактылуу болгун ылайым.
Барганда сексен-токсонго да,
Балдардын көргүн убайын.

Комментарийлер (2)

03.04.2017. 02:36
 kishi
Көлдөгү махабат аттуу ырын жүктөп коё аласыздарбы?
04.04.2017 16:32
admin_media
kishi,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо