Жаныш Кочкоров "Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин"
05:12
1,49 Мб
Жүктөлгөн: 11-01-2013
Жанр: Ретро
Сөзү:Азада Бегимкулованыкы
Обону:Ж.Кочкоровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(11 добуш)
Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.

Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.

Чыркыраба, боздой бербе, сезимдерим,
Санаага түшүп анча эзилбегин.
Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Сырымды билгендердин эсиндемин.

Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Чыныгы күйөрмандын эсиндемин!

Комментарийлер (20)

14.01.2013. 13:16
 mamatkerim
Сонун ыр эч табалбай журдум эле,рахмат жуктогондорго.
15.01.2013. 02:02
 zema
мендагы таба албай жургон элем ушул ырды рахмат супер инфого..
22.02.2013. 16:06
 buduz-80
бул ырды Роза Аманова ырдаганын угуп жагып калган,супер ырды жуктойсунорда супер сайт,рахмат,соз жок,кееде душевный ырларды таап аласын
23.02.2013. 22:34
 hanzada_samatova
Мен да бул ырды жакшы кором, Роза Аманова ырдаганын уккандан тажабайм, сонун ыр.
05.03.2013. 13:25
 jake
Урматтуу сайт ээлери, Роза Аманованын аткаруусундагы вариантын да жүктөп коюңуздарчы сураныч
05.03.2013 14:23
admin_media
jake,
Сунушуңузга рахмат! Аракет кылабыз.
Комментарийлерди жашыруу
10.10.2013 11:56
maksb86
admin_media, жаныш кочкоровдун суу чачышып кечке ойносок деген ырын жуктоп койгулачы сураныч!рахмат
10.10.2013 12:23
admin_media
maksb86,
Сунушуңузга рахмат! Аракет кылабыз жүктөп коюуга.
10.10.2013 12:14
admin_media
jake,
http://www.super.kg/media/audio/88649/
29.05.2013. 05:18
 timur555
Ушул ырды бир бала комуз менен ырдалган варианты барго ким ырдайт???
10.10.2013 12:14
admin_media
timur555,
http://www.super.kg/media/audio/88649/
Комментарийлерди жашыруу
29.12.2013 23:24
Hatiko
admin_media, создорун да жуктоп кое аласызбы?
30.12.2013 12:05
admin_superstan
Hatiko, ырдын сөздөрү оң тарабында жазылган.
29.05.2013. 20:08
 bialievaselya
Кийинки муундун таланттарынан ушундай ырлар жаралабы?
13.06.2013. 16:48
 Shorobashat
E sonun da ozgocho chon adamdar uchun"
11.01.2014. 14:21
 never-cry
мен бул ырды окулатам акордион менен ырдап бергенде угуп жактыргам.чынында кочкоровго караганда окулатам эн жакшы ырдайт экен.
11.01.2014. 22:21
 Mirlan77
тахмина казиеванын ырларынан жуктоп койгулачы
04.02.2014. 12:31
 karlik
оролуп а колун мойнумаа
жатасын ай жене койнумдаа
ойгонуп кетсем туш экен ай жене
ошол туш да мени сойдудаа

ушул ырын дагы жуктоп койгулачы сураныч
16.04.2014. 23:13
 Lumia-800
Супер.
17.06.2014. 09:04
 glamur
Сонун ыр экен мен Абдылда ырдаганда байкушка эл артиси деген наамды берип койсо болмок экен деп ойлонгон элем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо