03:15
2,97 Мб
Жүктөлгөн: 22-01-2013
Акын-комузчу Ашыралы Айталиевдин ыры. ХХ кылымдын 1960-70 жылдары.
Жанр: Фольклор
Сөзү:Ашыралы Айталиевдики
Обону:Ашыралы Айталиевдики
Көчүрүү
Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.
Жөнөдүм Нарын калаага,
Ынагым сенсиң садага.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп,
Жүзүңдөн жаным садага.
Бир букет гүлдү сунаарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат баргын агай деп,
Узатып калдың вокзалдан.
Ойлосом болот көңүл шат,
Жолуксак деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.
Комментарийлер (1)