Каныкей "Мекеним менин"
03:03
2,79 Мб
Жүктөлгөн: 04-02-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Канатбек Азимов, Каныкей Алымбекованыкы
Обону:Каныкей Алымбекованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.47/5
(15 добуш)
Сени сүйөм, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат.
Бул жашоого жаралуу бир бакыт,
Бактым сенсиң.
Эгер үшүсөң, мен сени калкалайм,
Сага деген жанымды аябайм.
Аздектеген жашоомдун ак маңдайы,
Жаркыным менин.

Кайырма:
Мен кубанам жашоонун барына,
Сени менен бир болгон жазыма.
Сага окшош менин да мүнөзүм ай,
Жөлөгүң болоюн.
Мен кубанам өзүңдүн барыңа,
Жашоомо бек берген таңыңа.
Сен бар үчүн жашоо дагы нурданат,
Жашоо дагы нурданат.

Гүлдөй, гүлдөй өмүрлөр жайнаган,
Чексиз эркин жашооңо байланам.
Тоскоолдукту сен үчүн жеңе алам,
Кубатым сенсиң.

Кымбатсың сен баарынан туулган жерим,
Кыйналып, алсырасам арка бел.
Өркүндөй бер, өсө бер Кыргызстаным,
Мекеним менин.

Комментарийлер (11)

04.02.2013. 16:55
 laki
Алга Каныкей! алга!!!
Өзгөрүш бар кичине...
04.02.2013. 20:29
 TolonturCN
Таланттуусуң Каныкей! ийгилик! эл силердей таланттардан сыймыктанат ошону мнен бирге силердей таланттар жакшы чыгып келип дымы сууп калышынан чочулашат. бар болгула.
05.02.2013. 12:03
 Aziz91
Жаным Каныкей :*
05.02.2013. 13:08
 adikg88
Каныкей тынбай ыр жазчы ырдачы угуп эле жатайын
06.02.2013. 22:51
 AtankulovaB
Супер ыр болуптур мага оло жакты
08.02.2013. 15:12
 Luck
бул кыздын чыгармачылыгын баалачумун, бирок бул ырды таакыр тушунбодум, кайдагы африканский мотив, ага анан мекеним деп. Музыканы укканда капкара болгон аборогендерден башка ойго келбейт. Капа болбо Каныкей, бирок бул ырын жаккан жок таакыр!
06.07.2013 12:21
Temur
Luck, сен озун эки сап ыр ырдап корчу коробуз кимге жагат экен
13.02.2013. 22:06
 Aziz91
Kanaa bul yrdyn sozu?
03.04.2013. 20:06
 Nurik_UFC
эн сонун
18.06.2013. 21:59
 azamat85
ушул кызды суйуп калдым да, озум да билбей калдым кантип...
15.03.2016. 12:06
 Jigittin_gulu
сонун ыр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо