Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Кутман Жолдошев "Ушундай беле бешене?"
03:39
3,35 Мб
Жүктөлгөн: 12-02-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Надырбек Алымбековдуку
Обону:Арзыбек Бедияровдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Ал күндөр жыргал түш эле,
Арзуудан бүткөн иш эле.
Сезимге ыйык гүл өнүп, гүл өнүп,
Сен деген көңүл түз эле.

Көксөгөн ойлор жыш эле,
Көкөлөп учкан куш эле.
Көргөнүм жалгыз сен болуп, сен болуп,
Көңүлдүн дарты ушу эле.

Күлгүн жаш сенсиз бай беле?
Күркүрөп аккан дайра эле.
Толукшуп турган ажарың, ажарың,
Тоо башын өпкөн ай беле?

Ал мезгил алтын кез эле,
Алтын кез өттү тез эле.
Унуткус күндөр эми жок, эми жок,
Ушундай беле бешене?

Комментарийлер (3)

12.05.2013. 09:05
 ajostal
Уну аябай келишип ырдаган. Миллион жолу азамат. Ийгилик!!!
26.12.2013. 06:26
 peri05
Урматту админ сиздерден оте оте сураныч эски (суйуп кеттин қара тору бир кыздуу )деген жуктоп койунуздарчы сұранып кетели алдын ала рахмат
26.12.2013 09:27
admin_media
peri05,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо