Айнура Салахидинова "Ак тилек"
03:35
3,27 Мб
Жүктөлгөн: 18-02-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(4 добуш)
Жаңы турмуш улакмак,
Жакшы го дейм бул адат.
Келин келсе биздин эл,
Кут келгендей кубанат.
Кары –жашы чогула,
Калбай келет тоюна.
Боорсок чачып башына,
Тыйын чачат жолуна.

Түшүнүп ал сен эми,
Боорсок чачкан себебин.
Ыйык нандай табылгыс,
Ак жолтой бол дегеним.
Тыйын чачкан себебин,
Сырын чечип берейин.
Дүнүйөгө келиним,
Кароо болбо дегеним, эй.

Кыздар аста гүлкүлдөп
Бөбөктөрү бүлкүлдөп.
Келин жанында отурат,
Көшөгөдө үлпүлдөп.
Мүнөздөрү өзгөрүп,
Ой үстүнөн өчүрүп.
Келечегин ар кимдин,
Көз алдынан өткөрүп .

Бүгүн баары башкача,
Мөл булактай таптаза.
Ар киминин дилинен,
Оргуп чыккан ак бата.
Жакшылыгын ашырган,
Жамандыгын жашырган.
Бүлөө болгун ак жолтой,
Жолук түшпөй башыңдан.

Кайрымдуу бол карыңа,
Жагымдуу бол жарыңа.
Өз өзгө деп чектебей,
Бирдей кара баарына.
Алпештеген эл дагы,
Алдыңдагы жер дагы.
Жакшы болсоң сен эгер,
Жарың менен тең кары.
Наристелер төрөлсүн,
Ак бешике бөлөнсүн.
Ортоңордон жыл өтпөй,
Көшөгөңөр көгөрсүн.
Балкытып кош денемди,
Бата берет эл эми.
Келеркиде оомийин,
Бешик тойго келели.

Комментарийлер (6)

01.03.2013. 14:49
 Shura
Эмне оозуна кант салып алып ырдаганбы?
же уйкусу канбай калганбы? Сонун ырды олтуруптур.
07.04.2013 18:43
4aidai
Shura, soonun ele yrdagan. Tushunup tushunboi ele jaza beresinbi? Maga misaly jakty.
24.06.2013. 15:57
 Aygerim_tls
:-))))))) оозуна кант салып ырдаганбы дегенин окуп алып ырды угуп кулкум келип кетти. Кулагына кант салып уккан окшойсун. Кечир бирок ыр абдан эле тунук экен.
10.09.2013. 17:01
 kulpunaikg
Айнура Молодец!!! Тойго жакшы ыр экен.
11.01.2014. 19:01
 tynara81
Издеп жургон ырымды таптым. Ураа!
08.08.2018. 09:32
 Ali_Bolotbek
Бул ырды Ак-Талаага барганда автордун аткаруусунда уктум эле шумдук ырдайт экен. Салахидинова автордун оозунан бир угуп койсо жакшы болот эле. Балким уялып калмак. Чын эле сонун ырды өлтүрүп(((Ali_Bolotbek түзөттү 2018-08-08 09:42:16
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо