Гүлзат Байзакова "Талым кыз менен Көбөктүн айтышы"
04:06
1,18 Мб
Жүктөлгөн: 21-02-2013

Бул ыр Ишен Календеров менен биргеликте аткарылган
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(6 добуш)
Талым кыз:
— Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру ким болот?
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ким болот?
Арасында мунарык,
Кирген нуру ким болот?
Асман, жерди жаркыткан,
Канык нуру ким болот?
Талымдын тартпа домогун,
Таба салгын жомогун.
Менин атым — Талым кыз,
Ченеп мага жологун.

Көбөк:
– Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру таң болот.
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ай болот.
Арасында мунарык,
Кирген нуру түн болот.
Жер, асманды жаркыткан,
Ачык нуру күн болот.
Таптым, Талым, сөзүңдү?
Келтирдимби, кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз,
Ачмак болдум көзүңдү!..

Талым кыз:
— Жер сиңип кеткен жети атаң,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал эмне Көбөк чоң?
Желини сүттүү куу инген,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Ал эмне Көбөк чоң?
Оргочордон от күйөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Ысык-Көлдөн ит үрөт,
Ал эмне Көбөк чоң?

Көбөк:
— Жер сиңип кеткен жети атаң -
Жети атабыз эмеспи!
Жерди жемире баскан чал буура –
Түп атабыз эмеспи!
Желини сүттүү куу инген,
Өз энебиз эмеспи!
Жез буйлалуу нар тайлак —
Карындашым эмеспи!
Оргочордон от күйсө –
Эки көзүң жайнаган,
Ысык-Көлдөн ит үрсө,
Бака болот чардаган.

Талым кыз:
— Узун, узун, узун жол,
Учун билген ким болот?
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбаган ким болот?
Алыс менен жууктун,
Ченин билген ким болот?
Ачуу менен таттуунун,
Даамын таткан ким болот?
Жан бүтпөсүн баарынан,
Каргыш алган ким болот?
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган ким болот?

Көбөк:
- Узун, узун, узун жол,
Учун билген кербенчи.
Күндөп-түндөп жүгүргөн,
Аянбаган мергенчи.
Алыс менен жууктун,
Ченин билген базарчы.
Ачуу менен таттуунун,
Даамын таткан казанчы.
Жан бүткөндүн баарынан,
Каргыш алган карышкыр.
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган байкушту.

Талым кыз:
Акыл заман калкынын ,
Алпы белең эр Көбөк?
Атаңан калган соңундан,
Артык белең эр Көбөк?

Күнөөм болсо, кечкин деп,
Күрмөгөн жибиң чечкин деп.
Таппадым деп ыгыңды,
Талым кыз сөзгө жыгылды.

Комментарийлер (3)

28.05.2014. 23:01
 mirbech_85
Талым кыз менен Кобоктун айтышынын создорун жазып койунузчу. алдын ала рахмат.
05.06.2014. 09:52
 mirbech_85
сиздерден сураныч ушул ырдын созун жазып койсонуздар.
05.06.2014 10:08
admin_media
mirbech_85,
Саламатсызбы! Сунушуңуз кабыл алынды, бүгүн кошуп коюуга аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо