Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Түгөлбай Казаков "Сапар карыйт сагынычтын жолунда"
06:45
1,93 Мб
Жүктөлгөн: 01-03-2013
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Аздан кийин чыгамын түпсүз түнгө,
Кетсем мейли мен жоголуп.
Калат үйдө уктатпаган мени жансыз,
Кароолдогон жалгыздык.

Чыракты үйлөп өчүрөм да,
Эшик аттап чыгар менен ,
бул дүйнөңдөн жок болом.
Таңда мага каттар келмек,
Алыстагы курбулар, достордон.
А менин кайрыларым, кайрылбасым ,
Элейишкен дарактардай белгисиз?.

Каттар күтөр жазда -жайда,
Терезеден ташталган.
Эрксиз учуп жалбырактар,
Жалбырактар бактардан, келер күз.

Билинбестен биздин үйгө келер күз,
Күздө кайтып балким мен да келермин.
Атымды айтып сагынычтуу шыбырап,
Бут алдымда жалбырактар шуудурап.
Эшик ачпай балким кирем мен үйгө,
Кичинекей жыл ойногон көп жылдар,
Эсиңде бекен жамгыр жааган чабылык
Бурчта турар жашыл чырак жагылып.

Күндүр бою бул үйдө өчпөй от күйөр,
Түндөр бою жамгырлар чабар айнекти.
Түндөр бою кат жазып отурармын,
Досторум , ай, алыскы.

Жаздар жайнаар карегимден төгүлдү,
Кагаз, сыя, сагынычым да түгөнүп.
Каттар жашыл кагаздарда чапталар,
Уктайм балким таң алдында жай тынчып.

Комментарийлер (2)

23.10.2013. 21:12
 Tina_79
аман болунуз Туголбай ага!талантынызга таазим.эрксизден ностальгияга жетеленсин сиздин унунузду.обонунузду укканда.азыр эмнеге чыгармачылыктан алыстап кеттиниз.
03.12.2013. 13:32
 Айдай
кандай терен маанилуу саптар.... коп жашаныз

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо