Турдалы Аскарбеков "Тоолор"
03:33
3,24 Мб
Жүктөлгөн: 29-03-2013
Жанр: Эстрада
Обону:А.Атабаевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Ар тараптан куюлуп күүлөр акты, ырлар акты,
Ашыгамын теминип чабдар атты.
Сенин сүйкүм элесиң бажырайып, бажырайып,
Чапкан атка жеткирбей, жеткирбей, бара жатты.
Тоолор, тоолор, тоолор,
Чапкан атка жеткирбей бара жатты, бара жатты.

Сенин күлкүң жаңырса кулагыма, кулагыма,
Окшоп кетет Ала-Тоонун булагына.
Жүз көрүшпөй жаш жүрөк жай алабы, жай алабы?
Жайлоодогу жан сүйгөн, жан сүйгөн ынагыма.
Тоолор, тоолор, тоолор,
Жайлоодогу жан сүйгөн, жан сүйгөн ынагыма.

Тоолор, тоолор тоо койнунда күлүп өскөн, чыкпайт эстен,
Билим улап алыстап сенден кеткем.
Азыр өзүң сүйүүмө күбө болчу, күбө болчу,
Ашыгымды жыттайын, жыттайын сылап беттен.
Тоолор, тоолор, тоолор
Ашыгымды жыттайын, жыттайын сылап беттен.

Комментарийлер (6)

15.01.2014. 02:06
 bakitbek.87
мына чыныгы кыргыздын ыры ыр деген ушундай болшу керек сыйлайм чыгармачылыгынызды
16.01.2014. 10:32
 Ema_nookat
Чапкан атка жеткирбей жеткирбей бара жаттыыыыыыым, эхх чыныгы кыргыздын ырлары чынында. Дайыма бар болунуз!!!
13.06.2014. 20:01
 hakker_a
Урматтуу админ мына бул ырдын текстин жазып койгулачы кошулуп ырдагым келип жатат.
16.06.2014 18:18
admin_superstan
hakker_a, жазылды.
13.06.2014. 20:14
 Aikoo2014
Тунук ун кандай гана керемет,угуп эле олтура берсен.
20.01.2015. 09:54
 sekretar
Накта кыргыз ыры, маанилуу соз, тунук ун жана музыка. Эми бул ырды бузуп ырдашпаса болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо