Сема "Кызганба"
03:33
3,25 Мб
Жүктөлгөн: 01-04-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону:Түрк элиники
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(2 добуш)
Жылдыздын жүрөгү жагалданат баарына,
Байланып сүйүүнүн жаркыраган шамына.
Жалындуу өмүрдүн саналуу бул күнүндө,
Ырдасам, жылмайсам карабагын таарына.

Кызганба, кызганба,
Ишен, мен сендикмин.
Түшүнгүн жашоосун,
Жүрөктөгү кесиптин.

Кайырма:
Таарынбачы, сен, таарынба,
Кызганыч гүлүн тагынба.
Жайдары күлүп сен жүрөктүн,
Жылдызы сен тагында.

Жылуу сөз арнасам, жагалданган кыздарга,
Кыюу көз мага салып суранамын, кызганба.
Баары бир сендикмин, нуру жанган жалгызым,
Калтырба жүрөктү, сүйүүдөгү ызгаарга.

Кызганба, кызганба,
Сени сүйөт жүрөгүм.
Кызганба, кызганба,
Айдай сулуу чүрөгүм.

Комментарийлер (1)

26.12.2015. 03:20
 Arman
Админ ушул ырдын туркчосун ким ырдайт эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо