Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Эрнест Бөрүбаев, Сапар Эркебаев, 60'K тобу "Кубулжу, менин ырларым"
03:33
6,5 Мб
Жүктөлгөн: 02-04-2013

Бул ыр Алишер Тоотаев менен биргеликте аткарылган
Жанр: Эстрада
Сөзү:Сапарбек Медербековдуку
Обону:Абидин Темировдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(10 добуш)
Түркүн ыр шаңдуу жаңырып,
Дүркүрөп колдор чабылып.
Ырыстуу күндү жар салып,
Ыр дүйнөм барат агылып.

Кайырма:
Кубулжуй бергин, ырларым,
Кубантып жүрөк сырларын.
Жашоонун ыры - бул ырлар,
Жар салган жаштык жыргалын.

Кайрадан ырлар уланып,
Кадалат көздөр суранып.
Көл бойлоп бара жаткансып,
Көңүлдөр эргийт кубанып.

Кайырма:

Өскөн жер ырдан жашарып,
Өмүрлөр барат тазарып.
Мекеним тынчтык ырлары,
Гүл жайнайт күндө жасанып.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

04.05.2013. 14:05
 Nurik.90
эээ сонун ырго уккулуктуу
10.10.2014. 13:05
 Oleg.kgz
Сапар акенин уну бул ырга туура келбей калганго анча ыр шандуу экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо