Кенже Дүйшеева "Алма гүлү"
04:54
4,49 Мб
Жүктөлгөн: 02-04-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Ф. Асанкалый кызыныкы
Обону:А. Мамадалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(6 добуш)
Алма гүлүн ачкан кезде
Апа сизден айрылгам
Арман толо көз жаш менен
Ыйлап, ыйлап кайгыргам
Айтып бүткүс кайталангыс
Мээримиңден ажырап
Азаптардын деңизине
Чөгүп кеткем кайгымдан

Кайырма:
Алма гүлү, алма гүлү ай азапка саласың
Алма гүлү, алма гүлү арман бойдон каласың
Алма гүлү, алма гүлү ай азапка саласың
Алма гүлү, алма гүлү арман бойдон каласың

Алма гүлүн төккөн кезде
Ата сизден айрылгам
Ак булутка жетээримде
Канатымдан кайрылгам
Аталап ай кыйкырганым
Укпай уктап жатканда
Алоолонуп, алоолонуп
Күйүп кеткем кайгымдан

Алма гүлүн ачкан сайын
Өзүңөрдү эстеймин
Асылдарым экөөңөргө
Эркелөөнү эңсеймин
Ак тилектер силер айткан
Мага ыйык аманат
Аягына чыкмайынча
Бул өмүрдөн кетпеймин

Комментарийлер (2)

05.10.2018. 21:28
 Stervamyn
Соонун ыр
17.01.2019. 04:47
 AzKumFerDan
Эх Апамды сагындым Алма гулу токон кезде бизди таштап кете Берген.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо