Сыймык Бейшекеев "Күзгү нөшөр"
02:13
3,04 Мб
Жүктөлгөн: 08-04-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Сапырылган сары жалбырак,
Санааларга мени азгырат.
Терезеңе келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.

Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды.
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?

Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүнгүс.
Тегерете курчап буюмдар,
Термелише тиктейт өзүңсүз.
Кайырма:

Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүң тургай атың укканда,
Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.

Комментарийлер (2)

02.02.2014. 15:34
 DASTAN92
Эх бул ыр отконду козгоп балалыкка бир алып барып келе турган болду го Сыймык мырза жеткире ырдаган мен ойлоп койдум да ырды аткаруучулар эмес ырлар аткаруучуларды издейт окшойт.
07.09.2014. 20:06
 oroz_kg
super
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо