Аида Кулуева "Кыялда"
04:11
7,64 Мб
Жүктөлгөн: 19-04-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Эрмек Мамбетов жана Мирлан Ниязалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 2.40/5
(5 добуш)
Кыялда кымбатым бар аздектеген,
Кышы жай кучагынан жаз кетпеген,
Бар болсоң жер бетинде сен чындап эле,
Бактыма жолугамын албетте мен.

Өмүрдө жарык болуп таралгыдай,
Көңүлдө алтын күндөй жаралдың ай,
Булутка жашынбастан көрүнчү бир,
Бул дүйнө сүйүүсү жок караңгыдай.

Кайырма:
Сүйүүм бол жазды алып келген,
Шыбырап жашыл бариктерден,
Күнүм бол мага жарык берген,
Жалынга толсун жүрөк,
Жанар тоо болсун жүрөк жанып сенден.

Кыздарга кыйын экен уяң болгон,
Кымбатын арбай албай убал болгон,
Кыйналбай айткым келет сүйөмүн деп,
Кыялым калбас үчүн кыял бойдон.

Кайырма:

Күтүп сени жатам
Эми качан
Деги качан кезигем...

Комментарийлер (2)

17.12.2013. 21:54
 aijana_92
ушул эженин "сырдуу жигит" деген ырын киргизип койунуздарчы! Рахмат!
18.12.2013 11:26
admin_media
aijana_92,
Саламатсызбы! Жүктөп койдук.
http://www.super.kg/media/audio/105823
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо