Аскат Мусабеков "Махабатым"
03:46
3,44 Мб
Жүктөлгөн: 24-04-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:С.Жусубалиеваныкы
Обону:К.Рыскуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(7 добуш)
Башкаларга баркың билинбей,
Жүрсөң деле көптүн бириндей.
Жашоо берген өңдүү а мага,
Жагымдуусуң жаздын гүлүндөй, эй, гүлүндөй.

Кайырма:
Махабатым Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.

Абалымды сезер болсоңчу,
Кушум болуп колго консоңчу.
Көңүл үчүн кээде бир жолу,
Көз кырыңды салып койсоңчу.

Кайырма:
Наристесиң Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.

Башкаларга баркың билинбей,
Жүрсөң керек көптүн бириндей.
Жашоо берген өңдүү а мага,
Жүрсөң керек жаздын гүлүндөй.

Кайырма:
Махабатым Чолпон жылдыздай
Көз талдырат көркүң кундуздай
Көргөн сайын көөнүм арбалып
Адатым бар ичтен бир сызмай

Наристесиң Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.

Комментарийлер (6)

24.04.2013. 19:17
 Nurik_UFC
ушул ыр жакшы чыккан анан башка ырлары анча эмес
19.08.2013. 11:51
 joseph brain
Соонун ыр
11.11.2013. 20:43
 Nurasyl
Ен сонун ыр
02.02.2014. 14:51
 DASTAN92
Жан дуйноно озгочо сезим калтырган,бул ыры уксан жанын жай алган , адамды эс алдырып стресстен сактаган озгочо маанилууу ыр деп айтсам аша-чап мактаган болбойм
06.08.2014. 03:40
 Nasyrkg
клиптеги кызды коптон бери издеп журом.
21.12.2018. 19:25
 tyrgon
Клиптеги кыз кайсы кыз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо