Токтобек Асаналиев "Ак булуттар"
05:57
10,89 Мб
Жүктөлгөн: 24-04-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү: О.Султановдуку
Обону:А.Керимбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.88/5
(8 добуш)
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Олтурам эскерүүдөн ичтен сызып.

Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.

Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.

Комментарийлер (11)

24.04.2013. 22:57
 Bekish-kg
эхххх ыр эмес бекен,ун эмес бекен!сонуууууууууууууун
25.04.2013. 09:23
 qiltan
Yrlardyn iqindeki eng sonun yrda bul!
29.04.2013. 15:17
 jubarymbek
эх, не деген керемет ыр керемет үн
10.05.2013. 16:10
 ajostal
Жакшы ырдаптыр. Азамат!
Дарак билип жазда бучур байларын
Куздо тушкон жалбырагын сагынбайт. Деген ырды эстрада-аккордеон менен бироо аябай жакшы ырдаптыр. Ошону жуктоп койсонуздар аябай ыраазы болоор элем. Анан да Ак булуттарды Айпери Кулбаеванын аткаруусундагыны да жуктоп коюнуздарчы сураныч. Мага ошол кобуроок жагат. Рахмат!
10.05.2013 17:17
admin_media
ajostal,
Жүктөп койдук)))
http://www.super.kg/media/useraudio/89705/
Комментарийлерди жашыруу
02.09.2013 23:56
bailanbas
admin_media, Токтобек агабыздын ырларынын минусовкасын болсо жуктоп койсонуздар соонун болот эле.ырлары мага абдан жагат анан кееде кынкылдап ырдап калам ошондо жакшы болгудай. Же башка болумдордо барбы болсо айтып коюнузчу.
03.09.2013 09:04
admin_media
bailanbas,
Саламатсызбы! Тилекке каршы ырдын минустарын биз жүктөбөйбүз, каалаган колдонуучу "элдик аудио" бөлүмүнө жүктөсө болот)
05.07.2018 13:47
Temirlan08
Ушул ырдын оригинал минусовкасын мен дагы издеп жүрөм, башка жактарда бар экен, бирок так ушул ырдагы эмес, бир аз жеңилирек болсун деп, ритмин тезирек кылып койсо керек.
Мына ссылкасы:

http://baladam.ru/chime/нурба-разаков-нурбакыт_ак-булуттар
05.07.2018 13:50
Temirlan08
тиги ссылка туура эмес экен, бул жерден алсанар болот экен.

http://www.sary-kol.ru/muzyka/kyrgyzcha-minusovka/asankalyi-kerimbaev-ak-buluttar-minus.html
03.06.2015. 12:10
 dosboss
Асанкалый агайыбыздай ырдаган! Залкар ыр, залкар үн!
27.10.2016. 12:54
 karakyz23
Адашып суйгонумдон келдим сага эх
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо