Тынчтыкбек Айылчиев "Бактылуу бол"
03:27
7,9 Мб
Жүктөлгөн: 09-05-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.19/5
(21 добуш)
Жете албай турмуш жолуна,
Камалып сүйүү торуна.
Кайрылбай кеттиң ал менен,
Бир түшүп турмуш жолуна.

Ар түркүн түшүп оюма,
Арманым батпай койнума.
Алсырап азыр турамын,
Калемим кармап колума.

Кайырма:
Мейли кайрылба, мейли сагынба,
Бактылуу болгун мындан ары да.
Мейли кайрылба, мейли сагынба,
Бактылуу болгун мындан ары да.

Кадырын билбей сүйүүнүн,
Бакыттын доорун сүргүнүң.
Түбөлүк эмес, жалганда,
Бирөөнү тандап сүйгүнүң.

Чече албай кимди сүйөрүң,
Иче албай сүйүү мүрөгүн.
Өзүңдү, жаным, кыйнаба,
Уккунуң тындап жүрөгүң.

Кайырма:

Бактыңа жет, айрылуу жок жол менен,
Махабатка жете албайсың ой менен.
Өзүңдү-өзүң кыйнабагын эми сен,
Бактылуу болгун, жан эркем.

Кайырма:

Комментарийлер (21)

10.05.2013. 00:32
 Iriska
Ushul Yrdyn KLibin juktop koisonuzdar jakshy bolot eledaaaa
10.05.2013. 13:03
 Nurik_UFC
жакшы ырдаган Чынара деген ырыда сонун чыккан
18.05.2013. 23:17
 nurchik-92
абдан сооонун ыр экен, иштерине ийгилик.
21.05.2013. 10:45
 Tagaibekov
жакшы ыр экен. мага жакты
27.05.2013. 04:14
 emash80
Аябай сонун ыр экен мааниси жакшы экен
23.06.2013. 19:51
 Almaz-85
Сонун ыр экен супер ,
10.07.2013. 23:47
 kumarbeka
сонун ыр го бирок музыканын башталышы бир КЛАССИКАнын музыкасын алыптыр.
15.08.2013. 13:34
 ruslan95
Ушул ыр менен ооруп калдым,,,,,
17.11.2013. 00:05
 Nurasyl
Бул жерин кандай тушундунор=>кадырын билбей суйуунун,бакыттын доорун сургунун.
24.11.2013 00:52
ales
Nurasyl,
Сүйүүнүн азабын тартпай, бактылуу бол дегенди түшүндүргүсү келген.
11.12.2013 01:53
Chikmai
soz tataal tushunsok ichinde kop ele nerse bar kerektuu!!
12.01.2014. 10:44
 Moncy
Азаматсын Тынчтык!
26.01.2014. 10:51
 kama_future_millioner
Азаматсын супер ыр экен
25.03.2014. 11:28
 alikay
Эн сонун!ийгилик!
26.03.2014. 19:26
 unikalnyi.paren
менин тагдырымды еле ырдап койгонго...
05.02.2015. 15:21
 9torres
super
04.03.2015. 04:01
 nur1996
men jakshy korgon yrlardyn baary ele Tynchtykbek baikeniki turbaiby, yrlary soonun soz jok! klass
06.05.2015. 18:25
 kalysbek.89
Круто ыр мага айрыкча музыкасы жатты
10.10.2015. 11:45
 juroguak
Тыкы бала Чынарааааа деп бакырып койчу ука. Жакшы ырларын ийгилик . чынаран тойдун корку кысталак
05.11.2015. 21:27
 dastan_nookat
Музыкасы ото чон экен!
01.06.2016. 01:33
 arzygulR
Ушул ыр абдан жагат,Тынчтык байкенин ырлары сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо