Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Гүлжигит Калыков "Күттүм сени (remix)"
03:59
5,48 Мб
Жүктөлгөн: 13-05-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.13/5
(8 добуш)
Күттүм сени жолуң карап,
Күттүм сени келет деп.
Саамайымды желге тарап,
Жалгыз турдум сени эстеп.
Күттүм сени күндөп-түндөп,
Күттүм сени сагынып.
Келет деген үмүт менен,
Турам зарыгып.

Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш беле кыздардын жүрөгү?

Кайырма:
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен дегем!
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.

Күттүм сени күн өтсө да,
Күттүм көңүл калбастан.
Үмүтүмдү үзө албай,
Максатымдан танбастан.
Күттүм сени, күтө берем,
Жашоо сенсиз жалгандай.
Жалгыз гана күтүү үчүн,
Жаралып мен калгандай.

Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш беле кыздардын жүрөгү?

Кайырма:

Көргүм келет сенин кара көздөрүңдү,
Айткым келет сагынычка толо сөзүмдү.
Жүрөгүмдө сен, ойлорумда сен,
Дагы эле күтөм өзүңдү.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

13.05.2013. 20:23
 Agusha
Мен дагы деле кутом бирок
13.05.2013. 22:30
 Boss.kg
абдан сонун чыгыптыр
14.05.2013. 12:47
 islamkg
Абдан сонун болуптур!
16.05.2013. 02:30
 Ima12
oopppss ushunusu sonunken )))
28.10.2014. 19:27
 Smileboy
админ ушул ырдын минусун кайдан кочуруп алсам болот???
29.10.2014 10:35
admin_media
Smileboy,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11 ушул жерден карап көрүңүз. Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз.
28.10.2014. 19:28
 Smileboy
аявай керек болуп жатты эле...ссылкасын жонотуп коесузбу?мукун болсо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо