Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сагынбек Момбеков "Колтугунан жөлөдүкпү?"
02:34
0,45 Мб
Жүктөлгөн: 16-05-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Кайрандарым май бастырып көздөрүн,
Элин тытып, талап-тоноп өз жерин.
Жорулардын жоруктарын жасашып,
Бүркүт сезип жүрүшпөйбү өздөрүн.
Эл тагдырын каалагандай чоюшат,
Акыйкатты кууп жүрүп союшат.

Комдонгону жолборско окшоп турса да,
Кысталактар иттик кылып коюшат.
Комдонгону жолборско окшоп турса да,
Кысталактар иттик кылып, иттик кылып коюшат.

Төрүбүздө тайраңдашып ким-жогу,
Ата Журтка тийбесинчи кир колу.
Заман көчү кайда барат, жашырбай,
Акыйкатын айткылачы бир жолу.
Заман көчү кайда барат, жашырбай,
Акыйкатын айткылачы, айткылачы бир жолу.

Ишенебиз алдашса да миң жолу,
Ушул эмей көкүрөктө кир жогу.
Чыңгыз эмес, чындык келип кетсинчи,
Чыркыраган айылыбызга бир жолу.
Чыңгыз эмес, чындык келип кетсинчи,
Чыркыраган айылыбызга, чыркыраган айылыбызга бир жолу.

Бешенеге жазбагандыр кулдукту,
Же биз эмне кечкис күнөө кылдыкпы?
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты.
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты.

Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты,
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп, бир көрсөтүп койгулачы, бир ырдатып койгулачы чындыкты.

Жумурткадан кыр тапканга ашыгып,
Бүткөн ишке сын такканга машыгып.
Тагдыр бизди таразалап көрөрдө,
Аялдардын этегине жашынып,
Саймедиреп саясаттан сүйлөйбүз,
Бир чоң тоюп алган жерге,
Бир чоң тоюп алган жерге баш уруп,
Бир чоң тоюп алган жерге баш уруп.

Баштагыдай эле биздин түрүбүз,
Балекеттей бапырт чыгат үнүбүз.
Кечээ күнү чындык ыйлап жатканда,
Катыгүн, ай, биз каякта жүрүбүз?
Кылыч болуп суурулганды мындай кой,
Колтугунан жөлөдүкпү,
Колтугунан жөлөдүкпү, жөлөдүкпү бирибиз?

Комментарийлер (6)

22.05.2013. 11:34
 sakibaev
Азаматсын сагынбек чындыкты айтып ырдадын булбулдай чындыкты айта бер ырын жакты
24.05.2013. 18:29
 Polotovich
Ырчы деп ушуну айт,эл тандырын коруп куйуп жатат.
08.05.2014. 20:00
 Abdyrawit
Ырдын текстин кантип кочуруп алсам болот Супер Инфо!
14.05.2014 14:22
admin_superstan
Abdyrawit, тексти кошулду.
27.07.2014. 01:45
 urmat_88-kg
Чындык чындык
27.07.2014. 05:27
 suiutbekov1989
Бул байкенинда АША бир нерсе кылып сындыратко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо