Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Султан Садыралиев "Кудача кыз"
04:11
7,64 Мб
Жүктөлгөн: 20-06-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.89/5
(9 добуш)
Конокко куш келипсиз, кудача кыз,
Бийлеңиз, ырдасаңыз кубанабыз.
Жарк эткен айдай болуп, күндөй болуп,
Жылмайып коюңузчу, суранабыз.
Ээ-эээй, ий-ии-ий-ий, аа-аай.
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?

Байландым упузун, ай, чачыңызга,
Укмуштай капкара экен кашыңыз да.
Калбайбы көңүлүңүз биле албадым,
Суктанып жакын барсам жаныңызга.
Ээ-ээээй, ига-ига-ига,
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?

Супсулуу кара көздүү кудача кыз,
Сиз үчүн керек болсо кыр ашабыз.
Көтөрсөк көкүрөктү кечиресиз,
Жакшылап карап көрүп бааласаңыз.
Ээ-эээээй, ии-ии-ии-ий,
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?

Үйүңүз Ала-Тоонун этегинде,
Коштошуп гул берейин кетериңде
Узатсам кандай сонун болор эле,
Беттен сүйүп үйүңүзгө жетеримде.
Ээ-эээээй, ига-ига-ига-ига-ига,
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?

Комментарийлер (6)

25.07.2013. 14:07
 DaniilDiana
сегиз жыл отуп кетти, как появилась эта песня.... бийлей албасам дагы, ушул ырды укканда, жашоон шаттуу сезилет)))) отличная песня)
28.09.2014 07:59
sportsmen.boy
Текстин киргизип койсонуздар жакшы болот эле.
08.08.2013. 22:44
 don.kg
Саламатсыздарбы супер4илер Султан менен Исанын-Карындашым деген ырын жуктоп койунуздар мумкун болсо издеп журдум эле
29.10.2013. 11:00
 azi
ушул ыр менен мектепте окуп жургондо конкурстардан 1 орунду алып бурчу элем. клиппин турат
сонун ыр болгон да
25.12.2013. 19:27
 Asul
Бийлегенди билбеген адамды бийлетет бул ыр. Абдан сонун ыр. Супер-инфодой эч бир сайт жок Кыргызстан боюнча.
24.03.2014. 10:48
 leha
Замир Арыкбаев менен чогу ырдаганын кошуп койгулачы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо