Минюра Рахимжанова "Жаз деми"
03:17
3,01 Мб
Жүктөлгөн: 27-06-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Калича Жакыпованыкы
Обону:Жамиля Муратованыкы
Көчүрүү
  • Currently 3.85/5
(13 добуш)
Сырым сезген сырдашымдай жел мени,
Сыдырымга сылап жүзүм термеди.
Сагынычка толуп турган убакта,
Кандай рахат, көктөм жаздын келгени.

Келдиң мына, көңүл сырын эзгендей,
Күттүм сени жолугушчу кез келбей.
Жамгырыңды жөлөк кылдым жаныма,
Жабыкканым жалгыз өзүң сезгендей.

Кайырма
Жолуң тороп турса дагы жай алдын,
Жазды даңктап сүйүүгө мен даярмын.
Анткени ал кандай гана жагымдуу,
Элестетип кыздын назик жамалын.

Жан эргите булбул үнү угулуп,
Жаңыргандай жердин бети кубулуп.
Өзгөчө бир шаң коштуң сен жашоомо,
Өзүң менен келип жандуу сулуулук.

Шибер чөптүн жыты чыгып баш алып,
Табиятта тал чыбыктай жашарып.
Көктөмдүн бул ар бир аткан таңында,
Көңүлүм да барат улам тазарып.
Кайырма

Комментарийлер (12)

27.06.2013. 18:34
 Boss.kg
аябай сонун экен бул ырыдагы мага жакты +5
27.06.2013. 18:40
 Nurik_UFC
+5 жакшы
27.06.2013. 18:57
 Nurik_UFC
ушул кыздын ырларын кутуп журдум эле чон рахмат Супер
27.06.2013. 21:18
 adelima
баркымды блгендердин,кадырым билгендердин эсиндемн деген саптары бар ырдын автору ким экенин айтып коюнуздарчы сураныч. алдын ала рахмат!
27.06.2013 21:34
fanatka19
adelima Азада Бегимкулова.
28.06.2013. 17:26
 baha76
мен гул терип барам сага,тосуп алчы садпагам дегенди ырды ким ырдайт.админ айтып койгулачы
28.06.2013 22:59
Nurik_UFC
baha76, Арман тобу ырдайт
30.06.2013. 21:09
 Mitisboy
+5 Super.kg сиздерден сураныч Бегимай Бекбоевнын Адашкан Махабатдеген ырын жүктөп койуңуздарчы өтүнүч.
30.06.2013 21:53
admin_media
Mitisboy,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
31.07.2013. 14:45
 Zharkusha_80
Абдан соонун ыр!
14.06.2014. 07:34
 Murok
бул кыздын уну бир башкача экен го
22.02.2015. 18:05
 zamirilipov
үнү бир керемет Минюранын жарпың жазылат бул ырчынын келечеги бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо