Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Динара Акулова, Жамиля Муратова "Мен сени сүйгөн жокмун"
03:24
4,67 Мб
Жүктөлгөн: 08-07-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Мен сени сүйгөн жокмун көзүң үчүн,
Күлгөндө жазгы гүлдөй жайнап кеткен.
Мен сени сүйгөн жокмун сөзүң үчүн,
Кайгыны көкүрөктөн айдап кеткен.

Кайырма:
Мен сени сүйдүм сүйүү бардыгынан,
Жаркырап, жаңыланып сезим гүлдөп.
Көңүлдө жан көшүлткөн жашыл ыраң,
Бүрдөбөй калган багым кайра бүрдөп.

Мен сени сүйгөн жокмун боюң үчүн,
Кыздардын талабына жооп берген.
Жок, сени сүйгөн жокмун оюң үчүн,
Ак нурдай, Ай алдынан кармап келген.

Кайырма:

Мен сени сүйгөн жокмун сырың үчүн,
Эч качан, эч кимдерге жандырбаган.
Бар туруп айтар сөзүм, каруу- күчүм,
Бактысыз сени карап жалдыраган.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

17.07.2013. 16:04
 Aiturgan
Урматтуу admin Жамиля Муратованын "Сизге" ырын жуктоп коюнуздарчы, сураныч!!!!!
17.07.2013 17:23
admin_media
Aiturgan,
Саламатсызбы!
Шилтеме аркылуу кирип уга аласыз, жүктөп койдук)))
http://www.super.kg/media/audio/93491
18.07.2013. 19:31
 Мэри
Керемет чыгарма! Динара эженин үнү Жамиля эженикин басып кеткендей... Жакшы дуэт болгон...
21.07.2013. 23:03
 Mirish
Урматтуу admin Жамиля Муратованын мен сага жазга айланып баргым келет деген ырын жуктоп коюнуздарчы, сураныч!!!!!
22.07.2013 18:12
admin_media
Mirish,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
28.07.2013. 18:58
 Mirish
Урматтуу admin Жамиля Муратованын мен сага жазга айланып баргым келет деген ырын качан жуктойсунор
19.05.2015. 12:06
 agarai
жамиля эженин "Тамчы" деген болсо керек эле аталышын билбей жатам, бир ыры бар эле.
ал куну чарт ачылган ак суйуулор
алдында дабыраган кол чатырдын
деген саптары бар эле, болсо айтып койгулачы, кайдан тапса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо