Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Айжамал Кабылова "Сүрөтүңө"
03:26
3,14 Мб
Жүктөлгөн: 23-07-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ж. Садыковдуку
Обону:Ж. Мамажановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(8 добуш)
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?

Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.

Өппөдүм, мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.

Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү, же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.

Комментарийлер (8)

24.07.2013. 16:21
 admin_media
look,
Саламатсызбы!
Сиз Opera mobile менен кирип көчүрүп көрүңүз.
27.05.2014 19:32
miwka94
admin_media, Саламатсыздарбы? А.Кабылованын томонкудой саптар менен коштолгон ыры болчу эле, мумкунчулук болсо жуктоп берип коюнуздар.
Карангыда жарык чачкан чырагымсын, журогумду.......???? Алыстасын жаным, кусалыка батып. Ак суйуум сагынычтан саргайды жаным...?
Комментарийлерди жашыруу
28.05.2014 16:25
admin_media
miwka94,
Саламатсызбы! Сиз сурап жаткан ырды Айпери Сыдыкова "Кыз-Бурак" тобунда ырдап жүргөндө аткарган. http://www.super.kg/media/audio/86799/
25.07.2013. 11:41
 nargizka.kg
Сооонун ырдаптыр
05.10.2013. 04:55
 ulanbekzaripa
klass
11.06.2015. 12:25
 vera23
Молодец айжамал еже унунузго береке!!!!
25.03.2016 13:01
abde-7082
унунузго береке!!!!
09.11.2016. 06:40
 Runio
термелип угатырганкылып ырдаптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо