Жылдыз Тутуева "Ак кар"
03:21
3,06 Мб
Жүктөлгөн: 13-09-2013
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Жаап жаттың, эске салдың,
Ошондогу махабатым, аппак кар.
Жан дүйнөмдү ээлеп алдың,
Кубаттадың алсыз жаным, аппак кар.
Сезимимди ойготконсуң,
Жүрөгүмдү толготконсуң, аппак кар.
Үмүтүмө үмүт кошчу,
Жаай берчи, токтобочу, аппак кар.

Кайырма:
Ак кар, ак кар, ак кар,
Сенде балалык сезим,
Сенде тазалык сезим бар.
Сенде бар сүйүү деми бар
Ак кар, ак кар, ак кар,
Сенде ак сүттүн жүзү бар
Сенде ак тилек, үмүт бар.
Сенде бар жашоо кеми бар.

Сагынганда, саргайганда,
Ишенемин дале сага, аппак кар.
Сен келесиң, дем бересиң,
Наристедей тогуз айда, аппак кар.
Азыр мына сен жанымда,
Көз уялып, айланамда аппак кар.
Мени менен кошо жүрчү,
Аз да болсо өмүр сүрчү, аппак кар.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

16.09.2013. 14:45
 KG_vip
Biz tobunun eski yrlarynan go, maldes jakshy atkaryptyr jyldyz eje
17.09.2013. 12:37
 kishi
Урматтуу супер, бир ырды таппай журом , жардам бериниздер ,мумкун болсо. "Терезенден гул ыргытсам тушту китеп устуно, мени кутуп отурупсун уйундо... китеп окуп олтурупсун унулуп, убаданы унуттунбу же калдынбы тунулуп" деген сыяктуу саптары бар, тексти эле болсо да болот. Рахмат
1
17.09.2013 12:49
admin_media
kishi,
Саламатсызбы! Суперстан бөлүмүндө атайын темалар бар, ошол жактан да карап көрсөңүз болот)
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=31218
Биз да таап калсак жүктөп коюуга аракет кылабыз.
03.11.2013. 22:44
 Ema_nookat
Урматтуу супер! Р. Абдыкадыровдун-"алтынчы куну кечинде" деген ырынын Иса, Малика Дина, К. Дуйшоева, С.Садыралиев артисттердин аткаруусундагы ырды таппай жатам, сураныч жардам берип койунуздар. Рахмат!
22.12.2014 16:26
admin_media
Ema_nookat, http://www.super.kg/media/useraudio/115867/
22.12.2014. 16:20
 Chatkal
Урматтуу супер! Жылдыз Тутуева "Ак кар" деген ырдын минусу керек.
22.12.2014 16:25
admin_media
Chatkal,
Саламатсыздарбы! Шилтеме менен кирип, http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11 минус жүктөп жаткан колдонуучулардан суранып көрүңүз. Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо