Урмат Усенов "Жазгы жамгыр"
03:54
3,58 Мб
Жүктөлгөн: 16-09-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(15 добуш)
Күтүүдөн мен тажабайм,
Сүйөм десең түбөлүк.
Көздөрүмдү кадабайм
Жашай берем күн өтүп.
Айла канча, кантейин,
Сүйүптүрмүн өзүңдү?
Ырга айлантам анчейин,
Жол караган түнүмдү.

Кайырма:
Жазгы жамгыр, алыстаба,
Сапар алба алыстарга.
Калгым келбейт
Жалгыздык туманында камалып.
Жазгы жамгыр, алыстаба,
Буюрбадың жалгыз мага.
Ак сүйүүмдөн бир тамчы
Өңдөнөсүң жалганчы.

Үзүлбөгөн үмүтүм сезимимди жаралайт,
Басылбаган күйүтүм жүрөгүмдү аймалайт.
Элесиңди эсимден күзгү нөшөр талашат,
Тамчылары жамгырдын бөтөн сымал карашат.

Кайырма:
Жазгы жамгыр, алыстаба,
Сапар алба алыстарга.
Калгым келбейт
Жалгыздык туманында камалып.
Жазгы жамгыр, алыстаба,
Буюрбадың жалгыз мага.
Ак сүйүүмдөн бир тамчы,
Өңдөнөсүң жалганчы.

Комментарийлер (9)

16.09.2013. 15:31
 nurbek_posol
Ээээ сонун ыр да, 2005- жылдары бул ыр Кыргызстан обондорунан дайыма жанырып турчу. Негизи ото сонун жазылган ыр !
29.10.2013. 00:53
 zara-919
клипин жүктөп койгулачы..
04.01.2014. 00:57
 laki
Кызып калган күндөрдү элестетет да чиркин! Кайран жаштыгым ай! Ушул ыр менен сорундун гүлү кулпурчу эле го
04.01.2014. 23:14
 laki
Кызып калган күндөрдү элестетет да чиркин! Кайран жаштыгым ай! Ушул ыр менен сорундун гүлү кулпурчу эле го
27.01.2014. 20:25
 adash
Админ сураныч У.Усеновдун Махабатым майрамым менин (............................................)Журок оту сен деп турганда. деген ырын жуктоп коюнуздарды отуном рахмат алдын ала
28.01.2014 15:30
admin_media
adash,
Саламатсызбы! Ырдын аталышын жазсаңыз, издөөгө ыңгайлуу болот.
Комментарийлерди жашыруу
29.01.2014 15:25
adash
admin_media, У.Усенов-Махабатым .болуш керек ырдын аты
11.10.2016 05:15
batsam
admin_media, Махабат деп эле аталат админ. 3,чү же 4 чү ыры болсо керек. Мен дагы здеп журом.
Суу белең суусап турганда,
Дем белең кайрат курганда.
Сагындым жыпар жытыңды,
Садагам кургур Ханзада.
Күн белең күүгүн тарканда,
Ай белең жарык чачканда.
Жамгырлуу оттой Махабат,
Жазылган жазгы жамгырда.

Махабатым майрамым менин,
Махабатым максатым демим.
Ж
05.06.2015. 20:46
 dastan_nookat
Клипбин дагы жуктоп берсениздар суранам!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо