Кылмыштар, кырсыктар: Жатаканада студенттин жансыз денеси табылды
00:01:45
20,06 Мб
Жүктөлгөн: 13-11-2013


12-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында Ленин РИИБине Жал кичи районунда жайгашкан №42-жатакананын 6-кабатынан 20 жаштагы түрк жаранынын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, 1993-жылы туулган Мехмед аттуу түрк жараны өз өмүрүнө кол салган. Ал Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунун студенти болчу.

"Жанында бирге жашаган курсташтарынын айтымында, саат 19:30дар чамасында Мехмед жуунуучу бөлмөгө кирип кеткен. Ал көпкө жоголуп кеткендиктен, аны менен бирге жашаган балдар жуунуучу бөлмөгө киришкенде Мехмедди мойнуна жип байланып жерде жаткан абалында көрүшкөн",- дейт Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын инспектору Олжобай Казабаев.

Ал эми жогоруда аталган окуу жайдын жатаканасынын жетекчилиги окуянын болгонун тастыктап, түрк жараны Кыргызстанга быйыл келип, окуп жатканын билдиришти.

Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (6)

13.11.2013. 12:52
 spanchik
jaman boluptur((( Ekspertizanyn chechimi chykkanda bizge da bildirip koigula.
13.11.2013. 13:53
 AZIK01
Эмне себептен? Бир жаман нерсе болгон,анан ал оз жанын кыйган.
13.11.2013. 14:28
 Sagy
AZIK01, коз ачык окшойсуз..
14.11.2013. 13:04
 mery.89
Жаш эле бала экен.атаэнесине не деп айтышат болду экен?бироо жарым кысымга алды бекен оз омуруно кол салгыдай.
15.11.2013. 13:37
 peri-jan
med ekspertizanyn jyiyntygy chykpayt kyrgysztanda ech kachan. tergoo ishteri jurup jatat dey berishet birok jyiyntyk jok. kishi kolduu bolup olturulgon Bakyt Bukaevtin kylmyshkerin tappay jatkandan kiyin... al ozun ozu olturgon dep kala berishet. kechirester oroy jazsam menin jeke oyum bul!
15.11.2013. 13:38
 peri-jan
bizdin olkodo adilettuuluk jok !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жан дүйнө
Эмгек жарчысы
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: