Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Коом жана турмуш: Коңшусуна таштап кеткен 5 жашар кыздын апасы изделүүдө
Бүгүнкү күнү үй-бүлөнүн салттуу дөөлөттөрү, баалуулуктары өзгөрүп бараткандай. Бири үйлөнгөнүнө бир жыл болуп-болбой ажырашып тынышса, дагы бири жаш баласын көчөгө таштап кетүүдө. Алсак, бүгүн эртең менен Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 5 жашар Жансель аттуу кыздын ата-энеси, туугандары изделип жатканын кабарлаган. Анда кыздын апасы Адель коңшусуна таштап кеткен боюнча кайрылып келбегени айтылган. Бул боюнча маселенин чоо-жайын иликтеп көрүүгө аракет кылдык.
бага албайсынбы () кыс турцияда боюнда болуп келиптир дейт акыркы убакта ушундай окуялар кобоюп баратат коркунуч жаратып ...бироого кор бироого зар дегеи ушул экен да эмне кылайлык кудай баарыбызга ынсап топук берсин!!!!!!!!
Бирөөгө кор бирөөгө зар дуйнө деген ушул окшобойбу? Кыздын энесине миң ирет наалат!!! Кее бирлери ооруган балдарын айыктыралбай чуркап жүрүшсө, бул минтип таптатынакай, аймончоктой кызын таштап кетиптир.Жаштар ар бир ишти ойлонуп анан кылайлычы сураныч.... Жанселге бактылуу балалыкты каалайм)
Козумо жаш айланып кетти,аймончоктой кызго. Апасына ынсап берип оз кызын бакса экен ылайым. Эч нерседен бейкапар ойноп журот бечара кыз. Бактылуу балалык каалайм,омуру узун болсун.
кукушка, бул кайтып келген күндө дагы кызды бербеш керек, кыйратып тарбия бере албайт, өзүнүн жолуна салып же сатып деле салышы мүмкүн. Модератор admin_superstan түзөттү 17.06.2014 09:54
кудай озу сактасын ушундай жоруктардан,байкуш кыз билбейм дейт.боору оорубаган кандай таш боор экен,озу бага албаса кошунага эмес озунун энесине бербейби карап турунуз деп,эмне деген заман болуп баратат.бактылуу балалык наристеге.сезими ойгонуп келип калаар корсо.
Мага беришсе уулума карындаш кылып багып алмакмын. Таттыктуу тарбия, терен билим бергенге аракет кылмакмын. Ар пенде оз ырыскысы менен жаралат, кор кылбайт элем.
Кандай эне болду экен,боору таштан буткон....мен 12 кун больницада жатып балдарым коз алдымдан кетбей жаман акыбалда болдум,тамак жеген сайын коз алдыма балдарым элестеп.
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.