Кылмыштар, кырсыктар: Мелис Турганбаев: "Курал көтөргөн кылмышкерди жок кылабыз"
00:06:54
65,21 Мб
Жүктөлгөн: 23-10-2015


Автор:Бекжан Рыскулов
Оператор:Бекжан Рыскулов

Кечээ, 22-октябрь күнү саат 22:00 чамасында Алтынбек Итибаев Достук кичи районунда атылып өлтүрүлдү. Дээрлик 3 саатка созулган атышуунун кесепетинен ИИМдин атайын отрядынын жоокери Төлөбек Исмаилов жана жергиликтүү тургундар: 79 жаштагы Батыш Койчуманова менен 56 жаштагы Медет Какеев каза табышкан. Бул окуя боюнча ички иштер министри Мелис Турганбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (9)

23.10.2015. 18:52
 operaledi
Аялынын туугандары болсо Алтынбектин агасы билбей калабы, кайсы жерде болушу мумкун экендиги? Кызык..... Бети кызарбай туруп кантип, болот, жоготуу деп айтты.Козу алактап тик карай албаса. Эээээххх, чындык устундо качан журоор экенбиз
23.10.2015. 22:34
 rnurzida
Тик карап жооп бере албай тайсалдайт го, чиркин. Күнү-түнү иштедик дейт,терроризм менен күрөштүк дейби? Болгону 4эле киши болчу го. И алардын да кылмышы толук тактала элек. Эми, болот да деп кабыргасы кайышпайт го мунун. Өздөрү креслодо чалкалап отуруп алышып, приказды берип коюшуп, эми сүйлөгөн сөзүн кара бул чиновник болмуштун. Өзүнүн жакындары каза болсо көрөт элем, ушинткен
23.10.2015. 22:37
 rnurzida
Бул бийликтегилериңдин тууган-уругу кылмыш кылса деле сүттөн ак болуп чыга келишет. Алардын ордуна баягы эле бей-бечара отуруп калат. Кудайдан коркпогондор экен го бу биздин чоңдор. Кудай алдында кантип жооп берем деп ойлонуп коюшса деле болмок, ааз да болсо.
24.10.2015. 01:44
 kypchak80
Турмодон кылмышкерлер качып жатса... Пара алыштын ордуна кичине кызматтарын так аткарсанар болмок. Отставкага айдаш керек... Итак канча бекуноо адамдар олуп кетти
24.10.2015. 10:07
 Geroy
Жон эле ой-пикир жазуудан алыс болбулачы. Биздин мамлекеттин куч-органдыры болбосо, биз азыркы кундо Сирия окшошуп калмакпыз.
24.10.2015. 14:27
 Umar080814
уйгур лагманды илди кулагыбызга Мелике
25.10.2015. 16:26
 toktogul80
Билип билбей эле жазабербегилечи. Азыр эн жаман илдет бул терроризм болуп жатат. Ошогокуч органдарга ыракматты айткандын ордуна сасып суйлойсунорда. Анан Мелис байке бул должностько озунун эмгеги менен келген. Кучтуу оперативник. Качкан террористерди ликвидация кылганы учун бардык куч органдарвна ыраазылык билдирем. Каза болгон СОБРдун жакындарына конул айтам
28.10.2015. 01:21
 OYSI
Чындык ачылбаган сандыкта калбаса эле болду, террористпи же жон эле сасык саясаттын оюунубу иши кылса канча адамдар сыздап боздоп калышты, бейкуно адамдардын олуму кимди кана ойлондурбайт. Тынчылык эле болсо экен .
28.10.2015. 08:39
 timarama91
Туура кыласыз Мелис Турганбаев. Эгер ал террорист же экстремист же колуна курал которгон бир мадыра баш болсо жок кылуу керек. Биз тоодой куч жана чептей кулагыс тартипке муктажбыз. Ансыз сакалын серейтип койуп алып террор болуп кайдагы бир уюм тузуп чыга келет. Афганистан, ирак, сирия, узбекстан, нигерия, дагестандагы ушинтип тузгон уюмдарынды коруп жатабыз го. Алардын жырткычтыгын эч ким кылган эмес. Жайшуль-майшулга орун жок. Мы скажем террора нет!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жан дүйнө
Эмгек жарчысы
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: