Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балатыны жарыктандыруу аземи өттү. Сырттагы ызгаар суукка карабай майрамдык жасалгаларды, концерттик кечени көрүүгө келгендердин саны көп болду. Шаар тургундары аянттагы жасалгалардын жанында сүрөткө түшүшүп, ар бир композицияны жакшы маанайда кабыл алышты.
Буйруса жакшы маанайлар болсун эл журтубузда.мындан арыыда жакшы жакшы онугулор боло берсин.рахмат алдыдагы кыргыз туугандарга . толька алга кыргыз алга.
Биздин коомдо оюн, жеке пикирин бирөөгө таңуулоо илдети абдан күч алып кетти. Бирөө диний ишенимдерден улам майрамдабайт. Экинчи адам чын дилинен күтүп, жакшы тилектер менен жаңы жылды тосот, майрамдайт. Ушундан улам эле биринчи топтогулар "тууралар", экинчи топтогулар "туура эместер" болуп калбайт. Эң негизгиси көңүлүбүз таза болсун, эң негизгиси адамзатына жамандык кылбайлы. Ошол баарынан маанилүү.
Шаар башчылыгынын бул ишине ыраазы болдум. Жашообузда ансыз деле негатив деген толтура. Кичинекей болсо да көңулдөрдү агартып, жакшылыкка ээрчитип, жакшылыкты күттүргөн маанай беришиптир. Бөбөктөр мындай отторду көрсө, элестеткиле, кандай сүйүнүшөт, жомокко туш болгондой эле кабыл алышат да.
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.