00:02:54
96,91 Мб
Жүктөлгөн: 27-02-2017
Автор:Кызжибек Раимова
Оператор:Мундуз Нурланбек уулу
Жогорку Кеңештин алдында Өмүрбек Текебаевдин колдоочуларынын митинги өтүп жатат. Алар Өмүрбек Текебаевди үй камагына чыгаруу талабын коюшары маалымдалган. Саат 13:50гө карата аянтка чогулган митингчилердин болжолдуу саны 400гө жетти. Экс-депутат Асия Сасыкбаева эл өкүлүн колдоо үчүн аймактардан да адамдар келе жатканын белгиледи. Текебаевдин кызы Ай-Данэк Текебаева атасынын күнөөлүү эместигин, ал коомдук иштерин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарынан жогору коюп иштеп келгенин айтты.