Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Кылмыштар, кырсыктар: “Дөө” каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов эркиндикке чыкты
Жогорку Сот крим чөйрөдө "дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганын SUPER.KG порталына ырастады.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын 30-декабрь күнү №47-абактын башчысынын токтомуна ылайык, Жумагуловго Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыс берилип, жазасынын үчтөн бир бөлүгү кыскартылган. Токтом ошол эле күнү прокуратурага жөнөтүлгөн.
Ал эми Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2018-жылдын 16-январь күнү №47-абактын башчысынын Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу боюнча сунуштамасын канааттандырган.
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.