Коом жана турмуш: Чүйдө аял төрөттөн кийин каза болду
00:00:48
5,64 Мб
Жүктөлгөн: 21-01-2018


Автор:Жылдыз Джускембаева
Оператор:Мундуз Нурланбек уулу

Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну 32 жумалык кош бойлуу кезинде бойдон түшүп калуу коркунучу менен Чүй облустук төрөт үйүнө келген. 15-январда анын жүлүнүнө наркоз берилип, операция жолу менен дарыгерлер төрөтүшкөн. Ал 5 күн комада жатып, 20-январда эсине келбей көз жумган. 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн ымыркайдын абалы учурда жакшы. Каза болгон аялдын туугандары өлүмгө дарыгерлерди күнөөлөп жатышат. Алар дарыгерлер акча жана башка нерселерди үмүт кылганын айтышууда. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев аялдын өлүмү боюнча иликтөөнү өз көзөмөлүнө ала турганын айтты. Ошондой эле министр “карга карганын көзүн чукубайт” деген принциптер болбой турганын кошумчалады.
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жан дүйнө
Эмгек жарчысы
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: