00:00:49
8,62 Мб
Жүктөлгөн: 03-09-2018
Автор:Кызжибек Раимова
Оператор:Мундуз Нурланбек уулу
Ош шаарында эл ташып бараткан маршруттук такси көпүрөдөн түшүп кетип алты адам жаракат алды. Окуя кечээ, 2-сентябрда болгон.
Жаракат алгандардын арасында 48 жаштагы аялдын абалы оор экенин Ош ШИИБинин маалымат кызматы билдирген. Ош облустук оорукананын башчысы аялдын далысы сынып, баш мээсинен жаракат алганын кабарлады
Жабыркаган 2 адам үйүнө чыгарылып, дагы үчөө ооруканада дарыланып жатат.