Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Саясат: Депутаттардын арты-артынан мандатын тапшыруусуна кесиптештери кандай пикирде?
Жогорку Кеңеш эки айлык эс алуудан кийин ишке киришти. Жетинчи чакырылыштын IV сессиясында парламентке 6 жаңы депутат келип ант берди. Алардын үчөө бир мандаттуу округдардан шайланып келсе, калганы партиядагы бош калган орунга тизме боюнча келишти.
Соңку убактарда өз каалоосу менен мандатын тапшырган депутаттардын айрымдары укук коргоо органдарына суракка чакырылган соң мындай кадамга барышкан. Алар мындай кадамынын себебин ачыкташкан жок.
Бул чакырылышта ушул күнгө чейин 20 чакты депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырды. SUPER.KG порталы эл өкүлдөрүнөн кесиптештеринин күтүүсүздөн эле арты-артынан мандатын тапшырып жатканына кандай пикирде экенин сурап көрдү.
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.