00:09:53
- Мб
Жүктөлгөн: 01-10-2025
Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Аны өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Алдын ала сурак маалында шектүү жашы жете элек кызды күч колдонуп зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн жана анын жансыз денесин Чүй облусунун Кемин районунун аймагына таштап кеткенин мойнуна алган.
Маркумдун жакындары SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берип, социалдык тармактарда такталбаган маалыматтар тарап жатканын белгиледи. Ошондой эле сот процесстерин ачык-айкын өткөрүүнү талап кылып, күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алса дейт.