Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
applemac, адашасыз! Ташиевдин маегин окуп келсеңиз да болот. ККТ: "Президенттик шайлоого чыкканымда АКК мени колдоп да, бирок колдобогон да түр көрсөтпөдү. Атамбаевдин сөзүнө ишенип, бийлик (т.е. спикерлик ордун) сактап калуу үчүн достукту унутуп, мени сатып кетти" деген нерсени контексттен чыгарып алууга болот. Адаштыруу мүмкүн эмес мындай нерселерди...
"Сатылып кетеби, же сатып кетишеби", булардын айырмасы бар, бирок бир адамдын, кийин экинчи адамдын объективдүү, субъективдүү пикирин берүүдө, баары келип отуруп, САТКЫНдыкка келип такалат эмеспи. Андыктан жумурткадан кыр издей берүүнүн кереги жок го...
Супер Инфонун модератору, тундук туштук деп жазылып, айтышып жаткан билдируулорду эмнеге чыгарасынар, бир аз козомолго албайсынарбы. Ушул ууру чондор учун эми сайттан да урушуп баштайбызбы, келдибеков бийлике жетпей калгандыктан чычалап жатат, жакшы эле уурдады го тойбойт экен, а ууру чиновниктерибиз тундуктон да туштуктон да толтура.
Мен Aiaikaga кошулам! Туура, алар озулору митинг уйуштуруп эмне деген создорду кана айтып жатышат,болунгонду ошолор баштап жатат. Убагында куулук кылып элди колго алып койушкан да,же калппы!? Ушундай эки жуздуу гана эмес уч жуздуу адамдарга кыргыздарда оорун жок!!!
Эмне десенер дейбергиле бирок эч нерсе озгорулбойт, ушул эле корунуш болот 5жылдан кийин и 10жылдан кийин. Ушул студияга келгендер баары эле алтын балык, кимисиге ишениш керек, билбейсин.
Ассалому алейкум мусулмандар.Мусулман элине батыштын демократиясы такыр туура келбейт.Ислам мамлекетинде эл башкарган президенти да жонокой эли да мусулманчылык жолунда журсо, Алладан корксо ушундай алдым жуттум,тополон,бейбашчылык заман болмок эмес. Ислам жолунда жургон жургон депутат, чмновниктер элдин акысын жемек эмес, мусулманчылыкты кармаган элибиз да "Жокко чокпой, барга коппой", ынтымак болмок.Чиновниктер кечээ дос болуп,бугун минтип бийлик талашып ортого элди чыгармак эмес.Ойлонгула..
Камчынын досукеси:))) Мен 100% билем Каризде жолукканын.. ал кезде мен кышында ошол Капризде фотограф болуп иштеп жүрчүмүн))
Анан сүйлөгөнүн көрсөм эле күлкүм келет...
""Түндүк-түштүк" деп бөлгөндөрдүн тилин кесиш керек", - деп эң туура айтты экс-спикер. Ушул сөздү кандосу Ташиев бая депутаттык шайлоонун алдында элди чогултуп айткандыгы үчүн колдонсо болот болду бекен? ))
Жогоруда талашып, урушуп, жаман айтышып атасынар. Ким учун? Келдибеков учунбу? Кыргызстандын жарандары, бут бары билишет Келдибеков коррупциянын негиздоочулорунун бири жана онуктуруучулордун бири экенин. Убагында Минсоцзащитаны, соцфондду ичип-жеген ушул паракор болчу. Уялбай дагы мени сатып кетишти деп койот. Бийликтен тушуп калып, эми кайра бийликке жетиш учун, баардык айласын издеп, олуп-талып атат да.
Маекти карап отуруп, бул кишинин өтө эле куу экендиги байкалат. Абайлап турат, же сүткө оозу күйүп калгандыгы үчүнбү?.. Жыйынтыктап алганда, Келдибеков төрагалыктан кийин саясатчы катары салмагы оорлоп калса да, эч кандай көңүл жылытарлык жетишкендикке жетпеди, сабак да чыгарбаптыр. Анын бир жылдыгы мага Камчы Көлбаев, Малайзия, Ташиевди кидать этмейи менен гана эсте калгандай...
Ош коогалаңында Ташиев менен биргеликте кыргыз элине берген жардамын эч ким унгутпайт. Салык кызматынын төрагасы болуп турган мезгилде да жылдык салык төлөмдөрүнүн көлөму кыйла көбөйгөн. Ал жакта да көптөгөн пайдалуу жакшы иштерди алып барган. Анан кылган жакшы иштери көрүнбөй жалаң гана жаман жактарын чукуп, асыла бересиңер да.
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.