Жанр:Эстрада
00:03:17
51,28 Мб
Жүктөлгөн: 11-08-2008
Сөзү:М. Осмоналиевдики
Обону:А. Мамадалиевдики
Айтпайым десем аргам жок.
Айлам да эч калган жок.
Арзууңа жетээр күн болсо,
Анда эле менде арман жок.
Кызыгы бүтпөс дүйнөдө,
Кыйноосуз өткөн жан барбы.
Күттүрбөй айтчы батыраак,
Сезимдер чынбы, жалганбы.
Кайырма:
Чынбы же жалганбы.
Сүйүүбү, арманбы
Табышмак жүрөгүң,
Таш болуп калганбы.
Чочулап жүрөгүң
Сүйө албай калганбы.
Арнаган ырым жактыбы,
Айтылбас ойлор таттуубу.
Арзууңа жетер күн болсо,
Анда эле менмин бактылуу.
Кайрылып келбес өмүрдө,
Кайгысыз өткөн жан барбы.
Махабат толгон жүрөктүн,
Кагышы чыңбы, жалганбы.