Бек Борбиев "Гүлчөтай"
Жанр:Эстрада
00:04:29
43,33 Мб
Жүктөлгөн: 16-06-2014


Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики

Ойнотуп жүрөк кылдарын,
Өзүңө келди ырдагым.
Чыйырчык жакка бет алдым,
Карабай Оштун ызгаарын.
Жол узак али, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Өзүң да келсең болбойбу,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:
Жашаган жери Гүлчө, Гүлчө,
Жайнап турат экен күлсө, жүрсө.
Алайдын тоосу гүлгө бай,
Келатам эңсеп күлчөтай.

Зымырап Мады, Баш-Булак,
Кыздары калды кол булгап.
Күйөө бала экен дештиби,
Ашуудан кымыз, бал сунат.
Керемет жериң келишим,
Датканын кызы, элисиң.
Күч күйөө болуп турсам да, эй,
Алайдын сүйдүм, сүйдүм перисин.

Кайырма:

Күлчөтай жасап камданып,
Тосорсуң ысык нанды алып.
Жылуу-Суудан өтүп баратам,
Жакындап улам, жанданып.
Жол узак экен, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Мен жакка дагы келерсиң сен,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:
  • Currently 2.80/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (81)

19.06.2014. 04:08
 orhideya
Сонун жер тартылыптыр клипке. Мага аябай жакты.
19.06.2014. 09:50
 Мэри
erkele, Бек байке карый элек ))) Ал жаш, дагы көп-көп ырларды чыгарып, клиптерди тартат...
19.06.2014. 15:15
 periwtem
Бек Борбиев алга алга алга
19.06.2014. 15:20
 nurando
Эн жакшы албетте
19.06.2014. 19:05
 mediko.nurlanovna
ыр аявай жакты сонун екен! бирок клипти тушунгон жокмун ,кыздарды неге тартып журушот,ошончо алайга барып...
19.06.2014. 19:08
 mediko.nurlanovna
кыздар тоодо жашашат екенда ееее. а бирок тоодо жашаган кыздар табигый сулуу болушаткоооо, шаардык еле чаптанып алган кыздарды тартып койгонго е
20.06.2014. 13:35
 universal
Гүлчөтай жылдын эң эле сонун ырыго!
20.06.2014. 13:37
 Gulshan_kf
Жакшы клип болуптур)
21.06.2014. 01:22
 moviemaker4
bolushuncha HAAALTURAA!!!
21.06.2014. 10:41
 dastan_nookat
Bek baike supersiz!
21.06.2014. 22:02
 Absamatov
Абдан сонун..
23.06.2014. 00:51
 papanstan
Ушунча барыптыр Гулчотай ичбей келиптир да.
24.06.2014. 02:56
 papanstan
Гулчотай ичбей келе Берген окшойсуз казанда бышып жаткан Бек байке
25.06.2014. 20:22
 erikkarakulja
Алайлык жигитер барсынарбы сулуу кызды алдырып бирбегиле
27.06.2014. 08:26
 zhookaev
кыз менен жаратылыш сонун болуптур клип тушунуксуз
27.06.2014. 13:39
 Samandar
Гулчотай гулчотай тамагын куйуп сунганда суротко тартыш керек эле терезени тушуруп гулчотайдын караганы ажарлуу сулуу экен,сонун ыр
28.06.2014. 12:57
 XAKER89
Кыз сулуу экен
30.06.2014. 17:02
 dorboljunov
ырдын кайырмасы эле бир аз жакты, ошентсе да клипте кыздын чырайы сонун экен.))))))
06.07.2014 12:01
baha_brat
Талыкпай эмгек кыла бериниз Бей байке. Ырга соз жок сонун.
07.07.2014. 12:48
 odnoklassnik
айткылачы, бул кызды тааныгандар барбы? аты, жону ким? кайсыл жакта?
аябай татына кыз экен)
12.07.2014. 13:06
 ALAY_NURS
ыр музыка соз жок сонун жазган. кайда барба тойдо бийдин эн алды болуп жатат. Бирок бул жер Гулчо эмес го туурабы Гулчолук жердештер. Сценарийге тушунбойсун, карасан 570де токтотуп анан эле жайлоо, эми карасанар туугандар ошоончо лексус менен келип шаардык кыз бээ саап кеткенин. Менимче сценарийди ырдын текстине карап тузуш керек эле, жана бул жер Гулчо эмес а Кара-Суу району, Гулчолуккыздарга арнап ошончо ыр жазыптыр Гулчого келип жок дегенде бир эки кадр кошуп койбойбу ээээх Бек ака Бек ака
13.07.2014 03:13
papanstan
ALAY_NURS, мен да кошуламын туура айтасыз.
12.07.2014. 13:11
 ALAY_NURS
Баашынан ондоп тартсачы ааабдан сонун болмок. Бек ака ошол жагын бир нерсе кылбайлыбы, ойлонуп баашынан тартпайсызбы ? Макул финансы жагын мен которуп берейин, как раз азыр Гулчо жашылдып чырайына чыгып турган мезгил.
17.07.2014. 23:17
 azamat7386
Бек байке сонун клип болуптур!
21.07.2014. 15:06
 syma
соонун клип болуптур,билермандар суйлой беришсин,кандай тартышты кай
21.07.2014. 15:07
 syma
кай жерден тартышты........отура берип кереги жок комент жазгандан не пайда....
16.08.2014. 16:48
 Arina_kg
Сонун жерлер тартылыптыр ыр да мыкты! Бек Борбиев гений!!!
21.10.2014. 11:03
 Mister.Erik
Клип алайда тартылган эмес туугандар Долонодо деген жайлоодо тартылган Кара-Суу районунда менин туулуп оскон жеримде мыкты клип болуптур
04.12.2014 14:23
bulanbekova
Mister.Erik, клип Алайдын Чыйырчык деген жайлоосунда тартылган.
Кара -Суунун какыраган пахтасында андай жайлоо жок. козу пая айланардын баары.
Алайды,корбогондон кийин,билбегенден кийин унчукпай отуруш керек.
28.10.2014. 10:21
 kindly_girl91
he is very talanted.i like song and clip.
20.11.2014. 20:36
 D.Nurik
yr super klip ancha mes
06.01.2015. 14:02
 bekbekei
Ыр мага аябай жакты менин бир жаштагы уулум аябай бийлейт ушул ырга.Бирок тексттин тушунбодум куч куйообу же ич куйообу? бизде ич куйоо деген соз бар ал эми куч куйоону биринчи угушум.оштун ызгаарынбы же кыздарынбы ушул жерин дагы?
31.01.2015. 12:39
 bekali
келээрки кезектеги ыр кайсы жердин кызына арналат болду экен
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: