Жоодарбешим "Жаман ойлобо"
Жанр:Поп
00:03:47
48,38 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2014


Сөзү:Жоодарбешимдики
Обону:Жоодарбешимдики

Канча убакыт өттү арадан,
Сен экөөбүз жүз көрүшө албай.
Жаман ойлобо, жаман ойлобо,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.

Ой, убакыт, ой, убакыт,
Өзгөртүпсүң мен ашыккан сулуу перини,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.

Кайда жүрдүң, абалың кандай?
Сени көрүп агардым тандай.
Өзгөрдү дебе, өзгөрдү дебе,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.

Ой, убакыт, ой, убакыт,
Өзгөртүпсүң мен ашыккан сулуу перини,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (70)

23.06.2014. 10:01
 Guli.K.E.
Молодец Жоодар байке)))
Клип эн соонун болуптур. дагы дагы алдыга жыла бериниз ИЙГИЛиК сизге.
23.06.2014. 21:08
 ulik.2014
Кыргыз болуп кыргызды кемсинткен уятда башка олколордогуну туурап деп уят кайра колдоштун ордуна. Лично мага жакты класс ийгилик Жоодарбешим
24.06.2014. 15:44
 Jakai89
Клиптерин аябай сонун тартат ыры да сонун .5+5+5+5+5+5+5+5+5. Алга Алга
24.06.2014. 16:43
 TINARBEK
Жоодар дос бар бол,мен сени менен.Супер
28.06.2014 02:34
kuba.86
TINARBEK,Жоодар досум молодец биз сен мененбиз, Супер, баардык ырларын клиптерин супер хххМодератор admin_superstan түзөттү 30.06.2014 11:25
30.06.2014 11:26
admin_superstan
kuba.86, ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу! Сайттын башка катышуучуларын мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
24.06.2014. 17:31
 NADUW
ыры оло сонун! клипти башкача элестеткен элем! жаман эмес жакшы!
24.06.2014. 22:27
 kyzymka
клиптеги жигит аябай жылдызду экен.
24.06.2014. 23:49
 4ipildirik
Чындап эле Кайрат Нуртастын кыргызча көчүрүлмөсү го))))
25.06.2014. 00:08
 slastenka
Выйй!Аябай жакшы жакшы,маанилуу клип болуптур.
Азаматсыз!
25.06.2014. 03:40
 ALAi..14
Жаман деп айтбай бирок камыраак созудору уйкаштыгы жок кайталана бериптир албетте кечирим сурайм катуу тийсе, коп ырчыларыбыз оздору соз жазабыз деп эле мээнеттерин текке кетирип алы шатго дейм, коч бара бара тузолот ийгилик
25.06.2014. 21:40
 meka94
mm ))) joodar baikebizdin naskisi soonungo )))
27.06.2014. 10:34
 Specsgruppa_NSS
Ыр жакшы экен. Бирок клиптин башында кыз гулдорго суу куюп жатканда бала келип чоочутканда тура калып эле бетинен ооп учурашып кирдиго. Ошол жери жасалмалуу болуп калыптыр. Чоочутканда ким чоочутту деп карап аа... сенби? деген коз караш болуп андан кийин учурашса чыныгы жашоого окшошмок окшойт деп ойлоп койдум.
29.06.2014. 16:12
 Sharos
Жоодарбешим стилинди озгортуп эле койчу кайраттын братишкасындай болбой, уялбай уакытын жаман ойлоп салыпсын
29.06.2014 16:15
meykin94
Sharos, Кайраттын эмнесин туурап атат уну окшош болсо ошол да
29.06.2014. 16:21
 Sharos
Казактар Ильяздын ырларын толугу менен которуп алышкан, Атабековдун ырлары дагы калбай калды, эми Насиптин ырларын которо башташты анысы аз келгенсип созу баланчаныкы деп жазып алганын айтсан. Дагы башкаларын дагы менчиктеп башташты, анан биз которсок уят эле
29.06.2014. 16:24
 Sharos
Meykin94 Нуртастын уакыт деген ырын угуп корсон
29.06.2014. 18:57
 nur4607
Ушунча сынды Жоке окуйсунбу озун' мен клипти коро алган жокмун' кайрат нуртасынар керек болсо Жоодарды туурап ырдайт
30.06.2014. 11:27
 admin_superstan
4ipildirik, сайттын башка катышуучуларын мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
30.06.2014. 11:56
 admin_superstan
kuba.86, сайттын башка колдонуучусун кемсинтүүгө, мазактоого тыюу салынган!
3 күн БАН!
30.06.2014. 16:59
 dorboljunov
клип дагы, ыр дагы, текстти дагы ынандыраарлык. идея бар, аракет бар. сындап коюш оной, бирок ушул ишти эле жазаш учун канча энергия, канча убакыт кетерин да эске алуу зарылдай. азаматсын, ийгилик!!
01.07.2014. 20:54
 mediko.nurlanovna
ыр жакты мааниси зор.....
01.07.2014. 22:20
 mediko.nurlanovna
админ суперстан сураныч нон стоптун ырларынан жана клиптеринен жуктонуздорчу......
10.07.2014. 16:52
 admin_superstan
aibek0001, бир эле билдирүүнүн бир нече клипке жазууга болбойт. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
18.07.2014. 18:35
 admin_media
Nuri-Alina,
Саламатсызбы! Кэшти тазалап кайра аракет кылып көрүңүз.
07.08.2014. 17:01
 nursultan96
Jakwy fuu
08.08.2014. 22:10
 nur4607
Bul kliptegi jyldyzduu jigit degeniner nursultan ka4kynbaevgo, klip zor boluptur joke da nurik dagy krasav4ik,
03.09.2014. 21:16
 Altynay96
ыр жакты клип да жакшы экен
04.09.2014. 23:21
 tokish
Казактын бир ыры бар обонун ошондон эле уурдап алыптыр. Кичине уялсаң болмок экен. Точно эле ошол ырдын котормосу. Ырдын атын унутуп калдым.
20.09.2014. 21:55
 9torres
Кыз аябай сулуу экен)), озу айткандай клип кичине шашылып тартылып калгандай корунду.
26.10.2014. 01:52
 Giza
Ушул ырчыны мурда байкачу эмесмин
01.04.2015. 20:34
 kg.oruk-zar
Kilip soonun chygyptyr
19.08.2015. 21:39
 Berlin_86
Клип жакшы болуптур, бирок кээ бир кемчиликтер бар. Кемчиликтерди биз коруучулор айтып турбасак болбойт. Биз айткан кемчиликтерди автор окуса кийинки клиптеринде ошол кемчиликтерди кетирбегенге аракет жасайт. Мисалы 2:04 минутада бала кызды коруп машинадан тушкондо сумкасын колуна кармап тушкон жери бар. Колунда эч нерсеси жок эле тушсо жакшы болмок. Бул менин жеке оюм.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: