Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
КЫЗ - БУРАК тобу "Сизге"
Жанр:Поп
00:03:47
47,03 Мб
Жүктөлгөн: 21-07-2014


Сизге сыйым, сизге урматым,
Үмүтүм да сизде, кымбатым.
Жан адамга айтпас сырымды,
Сизге ыраа көрүп ырдадым.

Кайырма:
Сизге арнадым ушул түнүмдү,
Түнүм эмес, күндүз күнүмдү.
Тагдырымдын буйругу экен,
Сизге багыштадым сүйүүмдү.

Табыштадым сизге баарысын,
Сиз таптыңыз жүрөк дарысын.
Сизге буйруп менин бактымды,
Сөздөрүмдүн кызыр дарысын.

Кайырма:

Ачуу белең, жашоо чындыгы?
Сабырымды сезим кыйдыбы?
Экиленбей эркимди бердим,
Ашыктыгым мажбур кылдыбы?

Кайырма:
  • Currently 4.67/5
(18 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (103)

29.07.2014. 05:13
 aizadaxan
Жигитери кантет???????????????
29.07.2014. 05:15
 aizadaxan
Кыз бурак кылымдарда калган топ. Аты очпойт деп ишенем кызбурактын ырлары менен чонойгонбуз биздин да балдарыбыз кыз бурактын ырлары менен чонойушун каалайм
29.07.2014. 22:26
 byityk
Соз жок Супппппппппер ! жылдын клиби наамына татыктуу экен ^^
30.07.2014. 11:22
 nayman90
жакшы ыр экен
31.07.2014. 02:58
 ASALARI
Негизи Бул эски ыр. Ошентседа 16 17 жашымда тагам менен ырдап журчум тойлордо. Кече жакында клиптин идеясын изденип клип тарттырайын деп жургом билбейм стресс болуп калдык чынында:((
31.07.2016 04:04
Ashan
ASALARI, бул ырдын созу обону Гулшайыр Садыбакасаованыкы чон кыз )))
31.07.2016 04:08
Ashan
ASALARI, Убагында Айчурок эжен ырдап журчу ))
31.07.2014. 09:19
 ayakosya
Тез тез кыймылдап башты айлантып жиберди го кызыл тазыл болуп
31.07.2014. 18:23
 admin_superstan
pochanta, мазактоого жол жок. 10 күн БАН!
05.08.2014. 10:22
 kg-naziko_90
эн эле мыкты тартылыптыр ийгилик
12.08.2014. 19:14
 rusalka.kgz
клипти коруп ойногун келет экен достор мн!!!жакшы тартылыптыр умницы красавицы

13.08.2014. 14:02
 ayaza
Балдар жакшынакай экен,клип да жакшы болуптур.
14.08.2014. 20:19
 dastan_nookat
''Кыз-Бурактын'' кыздары кандай гана сулуу. сонун клип Алга кыздар!!!
18.08.2014. 15:24
 Asanovna1805
Клип соонун болуптур. Мага аябай жакты.
Ийгилик кыздарга!!!!!!
26.08.2014. 03:35
 kg_sulushka
Iiy lapochkalar go
20.09.2014. 22:49
 belka-zaika
бул бетине ушул ырдын текстин киргизип койгулачы
22.09.2014. 09:29
 janul
Эрнис эмес эми жигити бул клиптеги мырза болуп чыкты. Ана эмесе тамашааа, кийинки клиптерине ушул баланеы эле тарт эми , башкаларына да козүн тушуп калбасын
08.10.2014. 05:54
 djiza92
уккандан тажабайм... сонун ыр, а клип андан соонун)))
09.10.2014. 22:16
 Studentka_IAAU
Кыз_Бурак жаныланган кийин ырын такыр уккум келбей калган эми жылыш бар. Алга!
17.10.2014. 14:14
 goodman02
саламатсызбы админ! сизден сураныч ушул ырдын минусовкасын киргизип койунузчу мумкун болсо, эртереек мага срочна керек эле? рахмат.
17.10.2014 15:09
admin_media
goodman02,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз, http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11 бул жакка жүктөп жаткан колдонуучулардан суранып көрүңүз. Рахмат!
17.10.2014. 15:59
 goodman02
урматтуу колдонуучулар ушул ырдын минусовкасын киргизип койгулачы сураныч
09.03.2015 00:05
Baratali0706
goodman02,Минусовкасы азырынча жок эле, а плюсовкасы болбойбу? Бар эле да.
28.11.2014. 17:34
 4ok4oloi
Тиги кызыл юбка аябай катуу чуркап таштадыго
07.12.2014. 02:11
 aman94el
биринчи ырдаганкыздан бирнерсе чыкчудай жакшыырдайт экен.бирок Кыз-Бурак мурункудай эмес
14.12.2014. 00:30
 Batken
Undoru jok murunku kyzburaktay emes. Saykaldan bawkasynda. Kiymyldaganynar jyrtyk kiyimderiner menen orustardyn "viagra" Tobun duuraganynarby. Модератор admin_superstan түзөттү 14.12.2014 11:16
14.01.2015. 23:41
 naku.9595
Эмнеге эле сынтага бересинер ушу кыргыздар жакпаса укпагыла созсуз турдо тигиндей чыгыптыр деш керекби озунордун ошентип ырдап бийлеп чыгыш келбейби сынтакбагылада.Клипда кыздарда,балдарда баары суперкен.
20.01.2015. 15:21
 Mrbektur
азаматсынар сонун ырдашкан мага жакты.
23.01.2015. 18:10
 altynbekimanbekov
кыз бурак жакшы иштеп койсонор болмок кенже айжамал гулнара эжелеодин артынан кетсенер болмок гулшайыр ежем карабайбы силерди
26.01.2015. 11:44
 moskva
как будто приватный танец...Модератор admin_superstan түзөттү 26.01.2015 17:52
28.01.2015. 18:01
 aybekerlan
Сайкалды тосуп алган бала, Сайкалдын экс-жигити Нурланбы? же окшошбу?
25.02.2015. 19:46
 hakker_a
Ой тобоо бул эмне деген клип болгон тушунуксуз. Ырдын мааниси башка клиптин мааниси башка. анан да клипте Сайкалды ото коп тарткан.
10.03.2015. 23:47
 dastan_nookat
5
31.07.2016. 03:45
 Ashan
экинчи куплетти ырдаган кыздын уну озгочо экен бирок баары жакшы ырдайт экен
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: