Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Жийдеш "Өмүр"
Жанр:Поп
00:03:47
52,41 Мб
Жүктөлгөн: 21-07-2015


Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо
Жайжайына койсочу.

Чөп куурабас болсочу,
Көл тунарбас болсочу.
Кызыл өңдөн нур кетип,
Кыз кубарбас болсочу.

Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу.
Жигит менен кыз өлсө,
Жерге көмбөс болсочу.

Кайран өмүр жыйырма беш,
Жашка барар болсочу.
Кайран жашты кол менен,
Жасап алар болсочу.
  • Currently 3.57/5
(28 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (48)

22.07.2015. 12:54
 hanisa
Klip jakty molodes
22.07.2015. 15:34
 ELIMA91
Эмнеге ырчылар жаны ыр жазып ырдап чыкканга кудурети жетпейби? Же эски ырларды жанылап чыкса да эптей албайт эмне деген клип тартып койгон тушунуксуз клип мн ыр таптакыр шайкеш эмес ырды бузуп салыптыр кыскасы жакпады!!!
22.07.2015. 15:51
 wwwwww
Радиодо угуп журом бир ырды, хит. Уну Жийдешке окшош бюрок,ыр mp3 интернетте жок.Ким бул, типа "омур" ырга окшош? Ким билет???
Жай ырга окшош,Создору кайталанат,типа
мен сени,мен сени жакши кором
омур отсо,омур отсо
КИМ БИЛЕТ?! Ыр жагат, бирок,таппай жатам.Же бул Малика-Динабы?wwwwww түзөттү 2015-07-22 16:21:22
22.07.2015 18:45
admin_media
wwwwww,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз.
22.07.2015. 16:40
 hello.kg
Аябай эле сонун,жанылап озунун оюн жаны стиль менен ырдаган.ийгилик алдыга
22.07.2015. 18:13
 KyrgyzstanTugoiloru
клип, подготовка к клипу, костюмы, сама Жийдеш, все суппер-молодец девочка- так держать!
23.07.2015. 20:13
 gulya_96
biilep Nyushaga okwoiun degengo e. kara 4a4y jarawyptyr, murun sary 4a4y jarawpait bol4u.
24.07.2015. 04:03
 joker007
Эмне деген клип тушунуксуз,эптеп эле тартылган режиссерлор мн иштешсе болмок,продюссери ким экен билгендер болсо жазгылачы мне интересно.....
24.07.2015. 10:36
 wwwwww
admin_media
Таптым, ырчы Аяна Касымова турбайбы ))) уну Жийдешке окшош , ыр "Сүрөтүңө" деген ))) wwwwww түзөттү 2015-07-24 10:37:23
25.07.2015 03:47
Aikoo2014
wwwwww,



"Суротуно"- деген ырдын автордун озунун аткаруусундагысыны уксаныз аябай соонун ыр.

Жолдошбек Мамажановдун ырыда ал.
01.12.2015 14:33
Lyubimka
wwwwww, Жийдеш менен Аянанын уну такыр окшошпойт го ...Аянаныкы ичке.
24.07.2015. 18:24
 g.jumabekova
Супер клип и супер песня. Только вперед.
24.07.2015. 23:41
 fittoniya
Флеш тату ашыкча эле.
25.07.2015. 01:44
 merinargiz
Клип сонун болуптур, Жийдештин ар бир клибине конул буруп жакшы тартканы аябай байкалат.элдикинен озгочо уну да жакшы, Азаматсыз эжеке ийгилик алга гана умтула бериниз.мр3 вариантын жуктоп койгулачы
25.07.2015 14:10
admin_media
merinargiz,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/134465/
25.07.2015. 01:46
 merinargiz
Татулар наоборот кооздогон клипти, койногуно жарашыктуу супер
25.07.2015. 03:46
 Aikoo2014
Уну уккулуктуу экен.
25.07.2015. 21:38
 hanzada_samatova
Ырды заманбапташтырам деп, кыргыз элинин маданиятынын казынасындагы "щедеврди" бузбай эле койбоптур да аттин..!!!
28.07.2015. 11:19
 Jasko.
Мага баары жакты.Бирок,боёктору цветной дагы,тартып аткан сүрөтү черно-белый го а?
29.07.2015. 12:14
 gukush00
Ий ай сонун экен жакть
29.07.2015. 12:47
 Sultanim
Менин оюм;бийи жакты.музыканын ритмине айкалган.сапаттуу клип.бары сонун бир гана сол жактын аягында бийлеген кыз эле корунбойт анан дагы татуну бир гана Жийдешке эле жараштыра алдым.балким чачы жазылгандыктан жакшы жарашкан.рахмат атак жагымдуу маанай тартуулаганынарга.)
30.07.2015. 16:40
 dastan_nookat
Super super super super
12.08.2015. 18:31
 nurbek_joldosh
жерге комбосо анан эмне кылсын???
17.08.2015. 01:16
 Nur0701
Соонун ырдаганго азамат
18.08.2015. 22:14
 solnishka
Жийдеш эжем орусгооой акцентбаргоо
11.10.2015. 00:49
 dav312
Бул Жийдеш айымдын уну кана эмес келбети да бул клиптин коркун ачып турат бирок клип ырга топ келбей калган жийде айым кичине клиптин мазмунуна конул бурса болмок
16.10.2015. 14:51
 anya
Ушул клипке жаны ыр чыгарса супер ХИТ болмок да.
03.11.2015. 12:42
 dastan_nookat
Muktu klip desh kerek!
05.11.2015. 22:28
 dav312
Бул Жийдеш айымга озунун сулуулугуна уну да туура келген мыкты ырчы келечекте копту умутондуро турган инсан катары коро алам клипте да ырда да соз жок
12.11.2015. 14:13
 anya
Ушул клипке башка жаны ыр жазса накта ХИТ болмок да.
24.11.2015. 01:50
 zalinAA
Клип мыкты! Жийдештин озгочо стили бар,башкалардан айырмаланып эптемей ыр, клип деген жок.
Азамат
24.11.2015 16:55
RAY
zalinAA,
+1000
01.12.2015. 14:29
 Lyubimka
Бали! мыкты клип..уну да, келбети да, кийген кийими да,кыймылы да...баары топ келишкен...болгону бир "замечание"..кыргыз кызы болгондон кийин, кыргыз ырын ырдап аткандан кийин, кыска ак рубашка кийип тартынбай эле койсо бздин кыргыз кыздыры..ошол жери гана..а так Бали!
17.12.2015. 21:39
 dastan_nookat
Ушул клип Супер Хит! Сынагында сыйлуу тизмеге кошулса болмок элдер да ушуга начар дегенди басты эмнеси жаман тушунбойсун.билип койгула мен тууганы эмесмин
02.03.2017. 00:22
 Asem89
Уну жакшы, бирок клип ото эле заманбапташтырылып, анда ашыкча нерселер коп колдонулуптур (максатсыз).Мисалы, чекесиндеги, билегиндеги суроттор, чекесине тагылган нерсе (кыргыздар минтип такпаса керек), менимче, ото орунсуз. Тагынчактары да коп. Бул ырга бийдин деле кереги жок го... Кыскасы, ат жетелеген жеринен башкасы жаккан жок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: