Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Данияр Эрматов "Адам бойдон калгын өзгөрбөй"
Жанр:Поп
00:03:59
60,66 Мб
Жүктөлгөн: 08-08-2015


Сөзү:Акбар Кубанычбековдуку
Обону:Нурмат Садыровдуку

Бакыт сунуп өмүр бир келген,
Учкан куштай сызып, күндөрүң ирмем.
Аруу таңдай маанай арнагын,
Шаңга бөлөп баарын күлгөнүң менен.
Билип жаман жолго баспагын.
Ак дилиңди таза бойдон сактагын
Адам бойдон калып өзгөрбөй,
Адал иштеп, асыл ойдон качпагын.

Кайырма:
Кечиргин, кечир өткөндү,
Кечиргин, душман, көпкөндү,
Көтөрүп алсыз, чөккөндү, жардам бергин.
Кечиргин, буттан чалганды,
Кечиргин, күйүт салганды,
Анткени өмүр жалган бул, бир тууганым.

Убактылуу, билсең тактың да,
Байлыкка, бийликке дилиң азгырба,
Кичипейил болуп жүргүнүң,
Бирдей баары, жараткандын астында.
Жакындарга дайым жолуккун,
Жакырларга жардам берип колуң сун,
Таарынычтын баарын унутсак,
Мына ошондо келет бизге сонун күн.

Кайырма:
  • Currently 4.63/5
(40 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (100)

14.08.2015. 13:46
 bek_nogoi
адамдарга кайрылгым келет бир жолу эмес бир нече жаман нерселерди кылышып озубуз байкабайбыз. адамдык сапатты сактагыла эл журт.
14.08.2015. 16:31
 ere
чон озгоруу мааниси бар деп клип деп ушуну айта алам ийгилик
14.08.2015. 16:56
 masterklas
Урматтуу Кыргыз элим, баарыныздарга кеч эмес эгерде кимди таарынтып капа кылсаныз анда азыр ушул учурда кечирим сурап коюнуздар. Эгер сизди бироолор таарынтса анда сиз кечириниз. Клип ыр аябай жакшы болуптур ийигилик Данияр.
15.08.2015. 03:24
 Mirba24
Ар бир адам уктаардын алдынан бугун эмне кылдым деп анализ чыгарып жатыш керек.
15.08.2015. 14:32
 Aziyat
Азамат экенсиң,көрүп чын жүрөгүмдөн ыраазы болудум.
16.08.2015. 11:49
 Afina
абдан жакшы! кечке эле таштадын, таарындым суйом, суйбойм деген ырлардан тажап, эл ушундай маныздуу ырга суусап турган.
18.08.2015. 04:43
 Damira87
Сонун чыгыптыр алга Данияр жылдын супер клиби болсун ийгилик сага
20.08.2015. 00:36
 i_am_simple
Кечиргин, кечир өткөндү,
Кечиргин, душман, көпкөндү,
Көтөрүп алсыз, чөккөндү, жардам бергин.
Кечиргин, буттан чалганды,
Кечиргин, күйүт салганды,
Анткени өмүр жалган бул, бир тууганым. Эн маанилуу создор.
21.08.2015. 04:00
 Beka95
Мынча сонун ыр угуп олтуруп таарынып жургон адамдарымы да кечирип салып окшойт. Молодец жакшы ырдапсын братан.
22.08.2015. 03:13
 ana222
азаматсын керемет
23.08.2015. 11:34
 asas1212
таасирлуу ,журоко жеткен клип .Азамат
25.08.2015. 21:08
 brunette
Керемет! Клиптеги жаш бала мынча ширин иий
30.08.2015. 10:15
 adina_love
Азыр жалан эле суйуу тарбиялык мааниси бар клиптердин саны ото эле аз... Клип деп ушуну айт Данияр клип ото соонун болуптур... Кичинекей бобок суу жок томсооуп калган жеринде ыйлап жибердим.. Адамдар кеч боло электе ойлонолу
18.10.2015. 17:58
 altynka95
Сонун ыр, сонун клип коп коп ийгиликтерди каалайм!
27.10.2015. 02:00
 shiku
Абдан сонун клип болгон. Эшине ийгилик каалайм!
06.11.2015. 19:03
 Elmurat96
Клипти жакшы тартыптыр азыркы адамдар жонундо болуптур супер.
22.11.2015 01:03
devo4ka
Данияр озу акылдуу бала, ырларыда озуно жарашат, азаматсын.
10.11.2015. 23:48
 Ular91
Ыр да клип супер!!! Онорун оркундой берсин
12.11.2015. 13:37
 anya
Тарбиялуу клип экен.
18.11.2015. 14:59
 nena.kim
Мыктыр экен
20.11.2015. 00:24
 dav312
Даниядын эмгектерин коруп эле журом крнул жубатарлык клип ыр уга алган эмесмин а бул ырына жана клибине соз жок абдан жакшы тартылган кыргызстандыктар ушундай ырга жана клипке суусап тарган ошондуктан Даниярдын бул эмгегине баа бердим чыгармачылык ийгилик
20.11.2015. 21:29
 dastan_nookat
Maanisi sonun
21.11.2015. 22:28
 devo4ka
Супер клип энтмыкты
29.11.2015. 20:12
 Ruslan-83s
аракет бар. бирок уну жок
01.12.2015. 15:08
 Lyubimka
Азамат. Улгулуу.
03.12.2015. 10:19
 aika_87_2007
Чынын айтсам ушул эле клип татыктуу экен баарын карадым
04.12.2015. 15:05
 Diami
Эптеп септемей, слабо!
24.12.2015. 02:49
 Aziza.Kas
Аябай жакты.
15.04.2016. 03:38
 Oceana
Класс!, таасирдүү экен. Ийгилик!
24.04.2016. 23:46
 Aytur
Акыркы сюжет сонун чыгыптыр, ата бала!
12.05.2017. 14:18
 admin_media
crew89, курамы окшош сайттарга шилтеме калтырууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: