Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Кызсайкал, Мажит "Апакем"
Жанр:Поп
00:04:08
63,98 Мб
Жүктөлгөн: 18-12-2015


Ааламга таанытып көзүңдү,
Апа деп кубантып өзүңдү.
Ар убак арнадың мен үчүн,
Алтынга алмашкыс кезиңди.

Сагынсам, алдыңа барам жай,
Сапардан кайтуучу адамдай.
Санаада жүрөмүн, апаке,
Сага арнаар бакытты таба албай.

Кайырма:
Ай десең, айды алып берейин,
Айтчы, апа, эмнеге теңейин?
Урматтап жүрөктөн арнаган,
Ушул ыр өзүңө белегим.

Күнүмсүң нур чачкан асманда,
Гүлүмсүң кумарым артканда.
Кымбатым, тамырым өзүңдө,
Кыйналам сен түйшүк тартканда.

Өкүнбөс өмүрлөр аз экен,
Өзүң бар көңүлдөр жаз экен.
Өткөрүп бактылуу күндөрдү,
Өмүрлүү боло көр, апакем.

Кайырма:
  • Currently 4.91/5
(23 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (34)

18.12.2015. 10:38
 Нуркыз Курманбек кызы
Сайкалды куйоого сатыш керек)) аябай красотка болуп чоноюптур
18.12.2015 10:42
Qnet
jalgyzdyk, чын дилинизден жазыптырсыз го))
18.12.2015. 11:16
 deva
Жакшы ыр болуптур. Апасынын жаш кезин ойногон кыз жакшы аткарыптыр. Бирок Мажит оозундагы учугу айыкканда клип тартса болмок экен.
18.12.2015. 11:23
 Woman.
Сонун ыр,клип болуптур.
18.12.2015. 11:42
 nazi8889
баары сонун ыр клип үндөрү мага аябай жакты ++++++++++++++5555555
18.12.2015. 14:22
 Ba-xa
энелер аман болсун,Бейиш эненин таманында.
Мажит Сайкал азаматсынар ийгилик каалайбыз!
18.12.2015. 14:31
 Bonia9189
Соз жок ырга клипке баары мыкты болуптур,азаматтар!Апалар аман болсун.
18.12.2015. 14:56
 aizada15
Сайкал менен жоодарбешимдин ырын жуктоп коюнуздарчы тунук махабат деген ыры бар экенго
18.12.2015. 15:03
 nazi8889
мр3син кайактан тапса болот,болсо жүктөп койунуздар сураныч
18.12.2015 16:55
admin_media
nazi8889,
Саламатсызбы! "Издөө" функциясын колдонуп, издеген ырлардын атын жазып тапсаңыз болот.
http://www.super.kg/media/audio/144519/Модератор admin_media түзөттү 2015-12-18 17:03:38
19.12.2017 10:52
Zaida
admin_media, саламатсыздарбы сиздерден сураныч Мажиттин карындашыма деп чыккан жаны ырын клипи менен жуктоп койосуздарбы
18.12.2015. 15:13
 Janysh95
Сайкал сулуу кыз экен. Уну да кучтуу экен, турмушка чыкпай, тескерисинче элге ырдасын. Жоодарбешим менен аткарган ыры да соонун болчу.
18.12.2015. 16:11
 NurikChita
Жакшы ырдапсынар ийгилик каалайм !!!!
18.12.2015. 16:40
 Nurchikk
Жакшы жакшы, жаман эмес.!ийгилик
18.12.2015. 19:40
 sashka_90
Эн сонун
19.12.2015. 04:47
 Erniet
Бул ырды ким ырдайт эле? Обонун озгортуп салганбы?
19.12.2015 22:23
Мэри
Erniet, бул ыр Бек байкеники (Борбиев), Мая ырдачу...
19.12.2015. 14:56
 so-good
Кызсайкал ото эле татынакай кыз бп чоноюптур, Мажиттин кичинекей карындашы ушундай бп чоноюп калыптыр да ээ, коз тийбесин. Ыр жакшы,бирок клип апа тууралуу болгон сон эски уй мн урушкан кичинекей балдар клипти ачкан эмес.
19.12.2015. 19:24
 Asema11
Кыздын уну сонун экен
19.12.2015. 22:07
 88inara88
Апалар туболуко жашасын.
20.12.2015. 12:59
 azizka94
Мыкты ыр бир туугандар аман болсун дагы мыкты ырларды аткарып журо беришсин апалар мандайыбызга бар болушсун
20.12.2015. 16:43
 devo4ka
Jengizdin devushkasy molodezzzzzzz
20.12.2015. 21:41
 take_kur
Азаматсынар силерге чыгармачылык ийгилик!!!!
21.12.2015. 00:25
 aikol87
Мынча Сонун ырдашкан.азаматсынар.
21.12.2015. 03:29
 mascha
Абдан жакты))))
21.12.2015. 23:29
 Illusions
Жакканды жакты деш керек)))мага да аябай жакты. Рахмат.
22.12.2015. 14:35
 Nazmirjaz
эн сонун мага жакты азаматсынар
23.12.2015. 00:04
 honey.altinai95
Сонун ыр болуптур))))ийгилик!апасы бар адамдарга суктанам((((Апалар ар дайым аман болсун
23.12.2015. 10:11
 Erniet
Бул ырды Замир Арыкбаев Сонун обон менен ырдаган эле булардын обону жакпадыж
24.12.2015. 15:09
 nukurajigit
Ай ээйй. Окунучтуу. Биз кыргыздарды сындатып эле койсо. Оозундагы учугун коро калыгыптыр. Андай нерселер эркектин коркун ачып турат.
24.12.2015. 18:26
 Asel.24.07.93
Молодец,Сайкалдын уну сонун экен,уккун келет кайра кайра))
25.12.2015. 22:54
 anyw
Эн сонун клип болуптур ыры да абдан сонун энелерибиз аман болсун чыгармачылыгынарга ийгилик
19.02.2016. 22:06
 Mile
Кызсайкал жакшы ырдаптыр бирок орус класста окуганбы "к" тыбышын кыргызча айтпайт экен.
09.09.2016. 22:14
 aitieva00
аябай жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: